Нура тоосу

Википедия дан

Нура тоосу (моңголчо нура – терең капчыгай, суу жеп кеткен бийик кемер, жардуу жер) — Ички Теңир-Тоодо, Он-Арча өрөөнү менен Кичи-Нарын капчыгайынын аралыгында кеңдик багытта жатат. Узундугу 45 км, туурасы 24 км. Түндүк жагындагы Көкомитеторпок, Сары-Күнгөй өрөөндөрү аны Капка-Таш кырка тоосунан бөлүп турат. Орточо бийиктиги 3900 м, эң бийик чокусу Капка-Суу (4460 м, чыгыш бөлүгүндө). Капталдары бирдей эмес: тескей тарабы кууш, аска-зоокалуу, күңгөй бети жазы, бирок тик, этек жагы бийик адырлуу, батыш жагында чаптуу терең өрөөндөр көп. Түндүк капталындагы төрлөрдө мөңгүлөрү бар (жалпы аянты 19,2 км2), көбү Орто-Нура ашуусунан чыгыш тарапта; алардан Көк-Торпок, Сары-Күнгөй суулары жана Кичи Нарындын айрым куймалары башталат. Нура тоосунда ландшафттын бийиктик зоналуулугу даана байкалат. Жапызыраак Түндүк этектерин бетеге-шыбактуу кургак талаа, күнөстүү капталдарда 2200–2700 м бийиктикте (айрым жерлерде андан да жогору) шор өсүмдүктөрү, төө куйрук аралаш кезигүүчү шыбак, бетеге, ак кылкандуу жарым чөл, 2700 мден жогору жапалак арча, түрдүү бадал аралашкан бетегелүү талаа, шалбаалуу талаа, 3300–3700 м бийиктикте доңуз сырты, бетеге басымдуулук кылган түркүн чөптүү альп шалбаалуу талаа ландшафттары орун алган. Тоонун тескей жанабатыш, Түндүк-батыш капталдарында карагай токойлуу шалбаа (2300–3200 м); түркүн чөптүү (шимүүр, каз таман жана башка), доңуз сырттуу, бетегелүү субальп шалбаалуу талаа, 3400–3500 мден жогору доңуз сырты, өлөң чөптүү альп шалбаасы таралган. 3600–3700 мден бийик көтөрүлгөн тоо жондорун, чокуларды гляциалдык-нивалдык алкак ээлейт. Жайкы жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]