Нур оорусу

Wikipedia дан
Нур оорусуна чалдыккан япон кызы

Нур оорусу — иондоштуруучу нурлардын организмге тийгизген таасиринен пайда болгон оору.

Нур оорусу[оңдоо]

Нур оорусу катуу кармаган жана өнөкөт болуп бөлүнөт. Катуу кармаган Нур орусу иондоштуруучу нурлардын чоң дозасы бир жолу же бир нече ирет таасир эткенде, согушта атом куралын колдонгондо, тынчтык мезгилде атом өнөр жайында, илим изилдөө мекемелериндеги авариядан пайда болушу мүмкүн. Өнөкөт нур оорусу өнөр жайда, медициналык жана илим изилдөө мекемелерде коопсуздук техникасынын эрежелерин бузуунун натыйжасында көп убакыт бою радиоактивдүү нурлардын аз дозасы таасир этишинен келип чыгат. Мында организмдин бардык органдары менен системалары жабыркайт.

Нур оорусунун жалпы белгилери[оңдоо]

Нур оорусунун жалпы клиникалык белгилери тийген нурдун суммалык дозасына, мүнөзүнө жараша болот.

Нур оорусунун жүрүшү 4 мезгилге бөлүнөт[оңдоо]

Нур оорусунун жүрүшү негизинен 4 мезгилге
Алгачкы реакциялар
Жашыруун мезгил
Оорунун күчөшү
Аягы же айыгуусу
бөлүнөт. Нур таасир эткенде бир нече минута же сааттан кийин алгачкы реакциялар (окшуу, кусуу, алсыздануу, тамакка табити тартпоо, баш айлануу жана башкалар) пайда болот. 3—4 суткадан кийин ал белгилер басаңдап жашыруун мезгилге өтөт. Анда оорулуунун жалпы абалы оңолот, бирок оору күчөйт жана бир нече убакыттан кийин (2—3 жума) үчүнчү мезгилге өтөт. Нур ошондой канчалык катуу кармаса, жашыруун мезгилдин мөөнөтү ошончолук аз. Бул мезгилде оорулуунун жалпы абалы начарлап, алы кетип, дененин ар кайсы жерине кан куюлат, температурасы жогорулайт. Кан пайда кылуучу органдар жабыркап, кандагы лейкоциттер бир аз көбөйөт да, кайра кескин төмөндөйт, ал сепсистин пайда болушуна түрткү берет. Бул мезгил 2—3 жумага созулат.

Нур ошондой менен жабыркаган оорулууну өз убагында дарыласа акырындык менен айыга баштайт; оорулуунун жалпы абалы оңолуп, температурасы кадимкидей болот, борбордук нерв системасынын функциясынын бузулуулары жоголуп, кандын составы калыбына келет. Катуу кармаган Нур ошондой менен ооруп айыккандардын кээ биринде ал кетүү, тез чарчоо, баш оору, аз кандуулук жана башкалар байкалат. Дарылоо ооруканада жүргүзүлөт. Нурдун чоң дозасы организмге тийгенде нур оорусу абдан катуу кармайт. Анда ичеги-карын жабыркап, ич тез-тез өтүп, организмде суу, туз алмашуу, кан айлануу бузулат. Нур орусунун бул түрүндө киши биринчи суткаларда эле өлөт.

Нур оорусунун өтүшү[оңдоо]

Нур оорусунун өтүшү жана организмдеги бузулуулар организмдин жеке жана жашка карай сезгичтигине жараша болот. Балдар менен улгайгандар нурдун таасирине туруксуз келгендиктен, алар нурдун аз эле таасиринен катуу жабыркашы мүмкүн. Түйүлдүктүн өөрчүү мезгилинде организмдин ткандары радиацияга өзгөчө сезгич келет, ошондуктан кош бойлуулукта аз дозада болсо да нур менен дарылоо жүргүзүлбөйт.

Нур оорусунун оор түрүндө организмдин калыбына келүүсү бир жыл же андан көп убакытка созулат. Нур оорусунун кийин пайда болгон кабылдоолорунан аялдарда тукумсуздук, эркектерде сперматозиоддердин жоюлушу байкалат. Бул өзгөрүүлөр көбүнчө убактылуу болот. Бир нече ай же жылдан кийин чечекей тунарып, нур катарактасы болушу мүмкүн. Кээде катуу кармаган Нур оорусунан кийин зыяндуу шишиктер, лейкоздор, тубаса оорулар, тукум куума оорулар пайда болот.

Өнөкөт нур оорусу[оңдоо]

Өнөкөт Нур ошондой акырындык менен көп жылга созулат. Алгачкы мезгилдерде ички органдардын, биринчи иретте жүрөк-кан тамыр системасынын нервгумордук башкаруусунун көпчүлүк функциялары, ферменттердин активдүүлүгү жана башкалар бузулат. Нур таасир эте берсе, оору күчөйт. Ошондуктан өнөкөт Нур оорусун дарылоо үчүн оорулуу иондоштуруучу нур булагы менен байланышын толук үзүүдөн башталат. Өнөкөт Нур оорусуна диагноз коюу жана дарылоону тиешелүү адистер жүргүзөт.

Нур оорусун алдын алуу[оңдоо]

Нур оорусун алдын алууда иондоштуруучу нурлардын булагы таасир эткен аймакта иштеген медициналык кызматкерлерди, ошондой эле радиологиялык жана рентгенслогиялык кабинеттердеги оорулууларды иондоштуруучу нурлардын уруксат этилген дозасынан жогору өтүп кеткен зыяндуу таасиринен коргоо чаралары жүргүзүлөт. Советтик саламаттык сактоо органдары коопсуздук техникасын сактоо эрежелерине жана эмгекти коргоого, ошондой эле радиациялык гигиенанын талаптарына өтө катуу көңүл бурат. Иондоштуруучу нурлар менен иштөөчүлөр ишке орношкондо жана андан кийин атайын медициналык кароодон өтүшөт. Алар атайын диспансерде каттоого алынат. Иштеген жумушуна карата кыскартылган жумуш күнү, узартылган отпуск, эмгек акысына кошумча акы берилет. Радиоактивдүү изотоптор менен иштегендер атайын кийим (маска, халат, комбинезон, кол кап жана башкалар) менен камсыз кылынат. Радиоактивдүү изотоптор менен тыгыз байланышты талап кылуучу жумуштар алыстан башкарылуучу атайын автоматташтырылган радиоманипулятордун жардамы менен жүргүзүлөт. Андагы адис иондоштуруучу нурларды өзүнө тарткан тосмонун (мисалы, кирпич, бетон, барит же коргошун) аркасында болот. Рентген кабинеттердеги азыркы аппаратура жана атайын коргоо курулмалары оорулуу менен врачты рентген нурларынын зыяндуу таасиринен сактап, оорулууну көп жолу изилдөөгө мүмкүндүк берет.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8