Нышаа баатыр

Википедия дан

Нышаа Баатыр (Нышаа Кудайменде уулу) (болжолдуу 1702-1785) – калмак баскынчыларына каршы күрөштүн жигердүү катышуучусу, элчи.

Кудайменде уулу Нышаа
(1702-1785)
Тагай конфедерациясы
 
Уруусу: Адыгене уруусу же Солто уруусу
Асылбаш уругу
Атасы: Кудайменде
Жубайы: 5 жубайы бар
Балдары: 12 эркек-баласы

Кесиби: Баатыр, Элчи

Адигине уругунун асылбаш тукумунан; солтолордун арасында өсүп-өнгөндүктөн, айрым булактарда солто уруусунан делет.1745-жылы Нышаа баатыр менен саяк Качыке баатыр баштаган кол Ысык-Колдогу сарт калмак ханы Аккуйрукту чабышат, калмактар коп кырылат. Калмактар Текес, кулжага чейин сурулот.Чуй боорунда коп жылга тынчтык орноду.
Нышаа баатырдын энеси кытай кызы болгондуктан, ал кытай-калмак тилин мыкты билген. Нышаа Кыргыз жерлерин калмактардан бошотууга жигердүү катышып, көп эрдик көрсөткөндүктөн, аны 1758-жылы Пекинге барган кыргыз элчилери Черикчи бийге жана Түлкү бийге кошуп жөнөтүшкөн. Элчилер Пекинде Цинь императору Цзянлундун салтанаттуу кабыл алуусунда болушуп, Кытай империясынын 3-даражадагы башкаруучулук чини менен сыйланган.
1785-жылы казак Бердикожо баатыр Жумгалдан кыргызга кол салат Нышаа баатыр баштаган кыргыздар казактарды сүрүп кууп Иле суусунун боюнан Нышаа казактардын колуна тушуп өлтүрүлөт. Нышаанын соогу Ак-Суу капчыгайынын ичиндеги (азыркы москва району, ал жакта күмбөз эстелиги бар) Нышаа суусунун боюна коюлган. Курман болгондон кийин Цин императорунан ыйгарылган даражасы анын уулу Дөөлөткө ыйгарылган. Нышаа баатыр 5 аял алып,12 эркек балалуу болгон.Нышаанын небереси Турап белгилүү сурнайчы болгон, ал чон атасына арнап, «Ат кетти» деген күүнү чыгарган.
Иле суусунун боюндагы Нышаа баатыр өлгөн жер Аткетти деп аталып калган.
Нышаанын учунчу муундагы небереси Байзак баатыр болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Нышаа жана анын доору» аттуу жыйнак-хрестоматия жарыкка чыкты