Нүрнберг

Нүрнберг (нем. Nürnberg) – Германиядагы шаар. Пегниц дарыясынынөйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Майн – Дунай каналындагы порточо Калкы 504,5 миң (2010). Жол тоому. Метрополитен иштейт. Машина куруу, түстүү металлургия, электр-техникалык, полиграфия, жыгаччылык, жеңил өнөр жай; карандаш жана оюнчук өндүрүшү иштейт.
Алгач 1050-жылдан эскерилет. 1219-жылдан эркин империя шаары. Консерватория (1821), музейлер (Германия улуттук, транспорт, оюнчук), шаардык сүрөт топтому, кол өнөрчүлөрдүн конок үйлөрү, сүрөтчү А. Дюрердин үй-музейи (ушул шаарда туулган), опера театры (1905) бар. Император сепили (11-кылым), соңку готика стилиндеги чиркөөлөр (13–15-кылым), 15–17-кылымга таандык турак жайлар сакталган. 1945–46-жылы Нүрнберг процессинде эл аралык аскер трибуналы тарабынан 2-дүйнөлүк согуштун башкы согуш кылмышкерлери соттолгон.
- Нүрнберг - Nürnberg
-
-
-
-
-
-
-
-
-
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7