Пржевальский, Николай Михайлович
Көрүнүш
(«Н.М.Пржевальский» барагынан багытталды)
Пржевальский Николай Михайлович (1839-1888) 1839-жылы Смоленск губерниясындагы Кимборов кыштагында туулган.
Ал орус элинин улуу географы, Борбордук Азияны изилдөөчү, генерал-майор, Петербург Илимдер Академиясынын ардактуу мүчөсү.
Саякаттары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1867-1869-жылдары Уссури аймагына,
- 1870-1885-жылдары Борбордук Азияга 4 жолу саякат жасаган.
Изилдөөлөрү, эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Борбордук Азиядагы негизги кырка тоолордун-Орус, Москва, Пржевальский, Алтын-Тоо орун алуу багытын аныктап, Лобнор көлүн изилдеген жана этнографиялык маалыматтарды чогулткан.
- 1885-жылы Тибетке жасаган экинчи саякатынан Кыргызстандын аймагы аркылуу кайткан.
- 1888-жылы күзүндө Борбордук Азияга 5-жолу саякатка бара жатып, жолдо келте оорусунун айынан каза болгон.
Сөөгү Ысык-Көл облусунун борбору болгон Каракол шаарынын жанына, көлдүн боюна коюлган.
1889-жылы анын ысымы Каракол шаарына берилген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Урустанбеков Б.У., Чороев Т.К.Кыргыз тарыхы кыскача энциклопедиялык сөздүк.Ф.,1990.