Обухова, Надежда Андреевна

Википедия дан
Надежда Андреевна Обухова, 1916

Обухова, Надежда Андреевна (22. 2(6. 3). 1886, Москва-15. 8. 1961, Феодосия) — сов. ырчы (меццо-соп­рано), СССР эл арт. (1937).


  • 1912-ж. Москва консерваториясын У. А. Мазеттинин ырдоо классы боюнча бүтүргөн. Чыгармачылык ишин концерттик ырчы катары баштаган. 191643-ж. Чоң театрда солист.
  • Көрүнүктүү партиялары: Любаша (Н. А. Римский-Корса­ков, «Падыша колуктусу»), Марфа (М. П. Мусоргский, «Хованщина»), Кармен (Ж. Бизе, «Кармен»), Кончаковна (А. П. Бородин, «Князь Игорь»), Амнерис (Ж. Верди, «Аида») ж. б. ошондой эле орус, француз, италян, испан ырлары менен романстарын аткарган.
  • Обухова — орус вокалдык мектебинин көрүнүктүү өкүлү. СССР мамл. сыйл. (1943) лауреаты. Ленин ордени, башка 2 ор­ден жанa медалдар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.