Одиссей

Википедия дан
Одиссей.

Одиссей (грек. Ὀδύσσεια) — Гомерге таандык болгон эки негизги байыркы грек эпосторунун бири. Бул Гомерге таандык болгон "Илиаданын" жарым-жартылай уландысы да болуп кетет. "Одиссей" азыркы Батыш мыйзамдарынын негизи жана Батыш адабиятындагы ушул күнгө чейин сакталып калган эң байыркы эмгектердин "Илиададан" кийинки экинчиси болуп саналат. Окумуштуулардын оюнча, "Одиссей" Анатолиянын жээктериндеги Иония деген жерде биздин заманга чейин 8-кылымда жазылган.

Поэма негизинен Итаканын падышасы, грек баатыры Одиссей (Рим мифтеринде Улис ысымы менен таанымал) жана анын Троянын кулашынан кийинки үйүнө сапары тууралуу баяндайт. Троя согушунан кийин Итакага жетүү Одиссейдин он жылын алат. Одиссей жок кезде аны каза болду деп ойлогон анын жубайы Пенелопа менен уулу Телемахага сөзгө келбеген ойноштордун тобу менен алектенүүгө туура келет. Алардын арасында Пенелопанын колун сураган Мнестер же Проки да болгон.

Одиссей Гомер жазган грек тилинде да ушул күнгө чейин окулуп келет жана дүйнө жүзүндөгү заманбап тилдерге да которулуп жатат. Көптөгөн окумуштуулар баштапкы поэма аэддер, балким рапсоддор тарабынан оозеки түрдө айтылып, окулганга караганда көбүрөөк тыңшалган деп ишенишет. Байыркы оозеки аткаруунун ийне-жиби жана окуянын жазууга которулушу илимпоздордун арасында көпкө созулган талаш-тартыштарга жем таштаган. "Одиссей" грек тилинин эолик, иония жана байыркы грек диалекттеринин адабий аралашма стилинде жазылып, 12,110 сапты камтыйт. Тексттин ичиндеги эң маанилүү элементтерге согушкан эркектерден тышкары окуялардын хронологиялык эмес баяндалышы, аялдар менен кулдардын окуяларынын башынан өткөргөн окуялардын тандалышы кирет. Англис жана башка көптөгөн тилдерде одиссей деген сөз эпикалык саякат деген маанини туюнтуп калган.

"Одиссейдин" Гомер тарабынан жазылбаган уландысы "Телегония" жоголуп кеткен. Аны байыркы спарталык Кинетон жазган деп айтылып келет. "Телегонияны" киреналык Евгамон Мусейден уурдап кеткен деп айтылат (киклик акындарды караңыз).

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]