Ой жүгүртүү (философия)

Википедия дан

Ой жүгүртүү — ой, сүйлөмдү баяндоо формасында билдирүү кайсы бир объектиде бекемделет жана объективдүү же калп же чындык болот. Мисалы, ой жүгүртүү «Бардык планеталар күндүн тегерегинде айланат» «Эгерде сан 10го бөлүнсө, анда ал 5 ке да бөлүнөт». Асанов экзаменди «эң жакшы» баага тапшырат. Ой жүгүртүүнүн биринчи экөөсү чындык. Үчүнчүсү балким жалган болуп чыгат (эгерде Асанов «эң жакшы» баага тапшырбаганы билинип калса). Божомолдоп ойду айткан адам чындыкты айтышы мүмкүн Тигил же бул маселени чечүүгө байланыштуу түшүнүктөр, ой жүгүртүү, теория аркылуу жалпылоо жана таануунун объективдүү дүйнөнү чагылдыруунун активдүү процесси, өзгөчө жол менен уюмдаштырылган мээнин жогорку жемиши. Ойлоонун материалдык физиологиялык механизмин жогорку нерв ишмердигинин физиологиясы изилдейт.

Бирок ойлоо, мээ менен ажырагыс байланышта болуу менен физиологиялык аппаратынын ишмердигин толук түшүндүрүүгө болбойт, ойлоо биологиялык эволюция менен гана эмес коомдук өнүгүш менен да байланышкан. Ой адамдардын өндүрүштүк ишмердик процессинде келип чыгып, дүйнөнү чагылышын камсыз кылат. Ал келип чыгыш өзгөчөлүгү боюнча да, функция аткаруусу боюнча да, натыйжасы боюнча да коомдук табиятка ээ. Ойлоо проблемасы философия үчүн ойлоонун болмушка катышы ― философиянын негизги маселеси менен байланыштуу аныкталат.

Ойлоо — бул муундан муунга берилген билимдер бирине-бири уланарын түшүндүрүп, аларды ойлоо менен ажырагыс байланышкан тил каражаттары менен белгилөө мүмкүнчүлүгүн билдирген тарыхый кубулуш. Айрым адамдын ойлоосу аркылуу бүткүл адамзаттын ойлорунун ар тараптуу өнүгүүгө ээ болот. Азыркы адамдын ойлоосу коомдук тарыхый процесстин жемиши.

Адамзат коомунун өнүгүшүндө материалдык өндүрүштөн рухий өндүрүш бөлүнүп, натыйжада теориялык ишмердик ойлоо адамдын тажрыйбалык ишмердигинен көз карандысыз жана салыштырмалуу өз алдынча ишмердикке айланган. Таанып билүүнүн тарыхый процессинде калыптанган билим категориялар менен сакталгандыктан ойлоо категориалдуу мүнөзгө ээ. Объективдүү дүйнөнү түшүнүү ойломдун формалары ― түшүнүк, ой-чабыт, акыл-корутунду аркылуу сакталат. Таануунун өнүгүшү менен ойдун структурасы өркүндөйт, ал объективдүү чындыкка жетүү процессин чагылдырган жаңы категориялар менен байыйт. (кара, Аң-сезим, идеалдуу, ― таануу теориясын кара.)

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8