Окутуунун техникалык каражаттары

Википедия дан

Окутуунун техникалык каражаттары – окуу процессинде пайдаланылуучу ар түрдүү жарык бергич техникалык (светотехнические) жана дабыш бергич (звуковые) колдонмолор жана аппаратура. Буларды азыр аудиовизуалдык, башкача айтканда угузгуч-көрсөткүч (слухо-зрительные) колдонмолор дешет. Окутуунун техникалык каражаттарын жарык бергич техникалык же экрандык, дабыш бергич техникалык жана программаланган окутуу каражаттары сыяктуу түрлөрү бар. Экрандык Окутуу техникалык каражаттарына окуу кино-диафильмдерин, диапозитивдерди, телеберүүлөрдү кошууга болот. Окуу кино-диафильмдери мурда мектептерди тейлөөчү атайын фильмотекаларда топтоло турган. Азыр көп мектептер өз фильмотекаларын түзүшкөн.

Дабыш бергич Окутуунун техникалык каражаттарына окуу грамзапистерин, магнитзапистерди жана телеберүүлөрдү кошууга болот. Мурда мектеп үчүн атайын дабыш бергич каражаттар (башталгыч класстар, адабияты үчүн фонохрестоматиялар, айрым предметтер боюнча граммпластинкалар, чет тилдер үчүн магнитофондук курстар жана ушул сыяктуу) чыгарылып келген. Дабыш бергич жана экрандык окуу колдонмолорун сабакта пайдалануу үчүн тиешелүү аппаратура (электрофондор, магнитофондор, проекторлор жана кинопроекторлор) керектелет. Компьютерлер үчүн окуу-программалык каражаттар колдонмо программалык жабдылыш) жана компьютерлер (аппараттык жабдылыш) азыркы учурдагы өзгөчө Окутуунун техникалык каражаттары болуп эсептелет. Мында экрандык дагы, дабыш бергич дагы Окутуунун техникалык каражаттарын мүмкүнчүлүктөрү биргелешип кетет. Мектептерде чет тилдерди окутууну жакшылап уюштурууга арналган атайын лингафондук кабинеттер бар. Бул кабинеттердин аппаратурасын колдонуп, окуучулар өз орундарында баштарына кийген телефон жана алдындагы микрофон аркылуу бири-бири жана мугалим менен сүйлөшө алышат. Мугалим окуучулардын маектешүүлөрүн, жекече жоопторун угуп жана жазып алат, кемчиликтерди дароо талдайт жана тактайт. Окутуунун техникалык каражаттары мында чет тилин угуп түшүнүүгө, ошол тилде сүйлөй алууга шарт түзөт.

Мектептин окуу-тарбия процессинде радиотехникалык каражаттар дагы пайдаланылат. Окуучулардын билимдерин байытуучу жана тереңдетүүчү, кызыгууларын арттыруучу радиоберүүлөр уюштурулат. Радиоберүүлөрдү угуу эреже катары сабактан тышкаркы убактарда жүргүзүлөт. Мектептер үчүн телеберүүлөр дагы көбүнчө класстан тышкаркы иштерде пайдаланылат. Мындай телеберүүлөр мектептик курсту тереңдетип үйрөнүү максатын көздөйт, алардын ичинде илим, техниканын жана маданияттын актуалдуу проблемалары б-ча лекциялар, кесип тууралуу берүүлөр, сырттан окугандар үчүн лекциялар, кирүү экзамендерине даярдоочу жана чет тил үйрөнүү үчүн берүүлөр жана ушул сыяктуу болот. Азыркы учурда мектептерде программаланган окутуунун элементтери да пайдаланылып жатат. Буга окуучулардын өз алдынча, машыктыруу жана текшерүү иштерин жүргүзүүчү атайын карточкалар же бланктар, басма негиздүү дептерлер жана ушул сыяктуу кирет. Демейде Окутуунун техникалык каражаттары мектепте кабинеттерде жайгаштырылат. Кээ бир мектептерде өзүнчө Окутуунун техникалык каражаттары кабинети борборлоштуруп түзүлүшү мүмкүн, бирокк бул учурда тейлене турган сабактардын саны азаят жана Окутуунун техникалык каражаттарын методикалык мүмкүн-чүлүгү төмөндөйт. Бардык дабыш бергич жана экрандык окуу колдонмолоруна бирдиктүү талап коюлат: алардын мазмуну мектеп программасына туура келиши жана окуу информациясынын баяндалыш формасы бул колдонмолордун табиятына ылайык келиши зарыл.

Атайын изилдөөлөр көрсөткөндөй, Окутуунун техникалык каражаттарын окуу-тарбия процессинде кеңири жана дайыма колдонулушу окутуунун көрсөтмөлүүлүгүн күчөтөт, өздөштүрүү кыйын болгон материалды жеткиликтүү кылат, окутуу темпин тездетет, окуучуларга каралып жаткан кубулуш же объект тууралуу так маалымат берет, окутуунун активдүү методдорун колдонууга шарт түзөт. Окутуунун техникалык каражаттары дайыма колдонуу мугалимди окуу материалын баяндоо методикасын өзгөртүүгө, материалды баяндоо жана бышыктоонун ортосунда убакытты башкача бөлүштүрүүгө мажбурлайт. Окуучулар Окутуунун техникалык каражаттары колдонуу менен билимди өз алдынча, активдүү ала башташат. Үй тапшырмаларын аткарууда радио-телеберүүлөрдүн, грамм-магнитзапистердин, компьютердин мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк колдонулат.

Окуу-тарбия иштеринин уюштуруу формалары өзгөрүлөт. Класс-сабак системасы окуу иштерин уюштуруунун бирден-бир формасы болуудан калат, жаңы формалар жана методдор көп колдонула баштайт. Окуу телеберүүлөрү, кинофильмдер, дабыш бергич запистер чоң аудиторияларда параллель класстардын бириккен группаларына демонстрацияланышы мүмкүн. Окутуунун техникалык каражаттары стабилдүү окуу китептериндеги материалды тандоого жана жайгаштырууга таасир көрсөтөт. Айрым предметтердеги (география, ботаника, жаратылыш таануу, биология) баяндама материал кыскартылып, тиешелүү информацияны окуучулар кинофильмдерден жана телеберүүлөрдөн алышы мүмкүн. Албетте, бул иш окуу китептерин ар түрдүү окуу колдонмолорунун комплектилери менен тыкан байланыштыруунун талап кылат. Учур педагогикалык илимдердин алдына көп проблемаларды (жаңы каражатты түзүүнүн принциптерин аныктоо;
Аларды колдонуу областтарын жана натыйжалуулугун тактоо; Окутуунун техникалык каражаттары сабактын ар түрдүү формаларында колдонуунун методикасын иштеп чыгуу;
Окутуунун техникалык каражаттары окуу кабинеттеринде колдонуунун формаларын аныктоо жана ушул сыяктуу) койду. Окуу-тарбия процессинде Окутуунун техникалык каражаттары колдонуу методикасы жагынан мугалимдерди даярдоо педагогикалык жогорку окуу жайларда жана мугалимдерди өркүндөтүү курстарында жүргүзүлөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004