Окуу иш-аракеттерин активдештирүү

Википедия дан

Окуу иш-аракеттерин активдештирүү – окутуу процессиндеги окуучунун окуп билим алуучулук, таанып билүүчүлүк ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун камсыз кылууга карата жасалган методикалык аракет болуп эсептелет. Окуучунун ар бир сабактан же сабактан тышкары кошумча өткөрүлүүчү иштерден ала турган билими, билгичтиги жана көндүмү (интеллектуалдык байлыгы, табылгасы) анын мугалим менен жана класс коллективи менен биргелешип аракеттенип эмгектенүүсүнүн натыйжасы болууга тийиш. Дал ушундай шартта гана анын билими сезимталдуу боло алат, башкача айтанда анын чыныгы өздүк интеллектуалдык байлыгына айланат. Окуучунун билиминин сезимталдуулугун камсыз кылуу үчүн аны бүткүл сабак бою активдүү эмгектенүүсүнө туура келет, ал үчүн сабактын бардык процессинде ага атайын тапшырма берип аны өз алдынча ойлонуп эмгектенүүгө муктаждап кызыктыруу зарыл. Окуучунун окуу иш аракетинин активдүүлүгүнүн эң жогорку деңгээли анын инсандык өнүгүүсүнө багытталган окутууда эң ачык көрүнөт. Анткени инсандык багыттап окутууда үчүн зарыл болгон билим берүүнүн мазмунун аныктоо үчүн ил. маалыматтарды гана эмес окуучунун субъектик тажрыйбасын да кошо пайдаланууга туура келет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004