Окшош мандалак

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Окшош мандалак (лат. Tulipa affinis Z., Botsch.) - Пияз түбү ири, диаметри 4 см, жумуртка сымал формада. Сырткы кабыгы күңүрт- күрөң, калың, кээде узун, ичинен сейрек, узун, алтын сымал сары түктүү. Сабагы 30 см ге чейин жетет, жогору жагы үлпүлдөк түктүү. Жалбырактары 3-4 санда, узундугу 25 см, жазы ланцеттүү, көгүлтүр-жашыл, бири-бирине жабышпайт, учу түкчөлүү, чет капталдары кирпикчелүү ак кемирчектүү. Гүлү бир, бир кыйла ири. Башка мандалактардан формасы менен айырмаланат. Гүл коргонунун сырткы желекчелери сүйрү, учтуу жана түкчөлүү, ичинен кызыл, гүлүнүн түбүнүн ортосу күрөң-кызыл кара тактары менен; ачык саргыч кууш жээкчелүү. Ички желекчелеринин учтары үлпүлдөк түктүү, бир аз ийилген, сырткы желекчелеринин төмөн жагы сары-жашыл, бозомук-кызгылт-көк тактуу, ичи - күрөң-кызыл. Аталыгы гүл коргонунан үч эсе кыска, аталык жипчелери кара, жалпак үч бурчтуу, чаңдыгы кара-кызгылт көк. Мөмөлүгү кара кочкул, узун, жогору бөлүгү ачык сары кызгылт-жашыл. Чаң алгычы ачык-сары кызгылт. Кутучасынын учу учтуу, бир аз имерилген.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[оңдоо | булагын оңдоо]

Нуратоо жана Түркстан тоо кыркасынын түштүк бети (Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан). Кыргызстанда – Түркстан тоо кыркасындагы Аксуу дарыясынын бассейни (Төөжайлоо капчыгайы) жана Сүлүктүнүн чыгышындагы тоолор.

Өсүү шарттары[оңдоо | булагын оңдоо]

Арча токойлорунун арасында, майда жана таштак топурактуу жерлерде өсөт.

Саны[оңдоо | булагын оңдоо]

Эсеби алынган эмес.

Чектөөчү факторлор[оңдоо | булагын оңдоо]

Адамдын чарбачылык иш-аракеттери жана гүлдөрүн үзүп, пияз түбүн казып алуу.

Өстүрүү[оңдоо | булагын оңдоо]

Бишкек шаарынын шарттарында анча изилденген эмес. Отургузулган түптөрү тез эле солуп калат.

Уюштурулган коргоо аракеттери[оңдоо | булагын оңдоо]

Өзбек ССРинин (1984) жана Кыргыз ССРинин (1985) кызыл китептерине киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[оңдоо | булагын оңдоо]

Түр кеңири учураган жерлерде ботаникалык заказниктерди уюштуруу. Ареалынын ар кайсы аймактарында популяцияларынын абалына көзөмөлдөө жүргүзүү.Гүлдөрүн чогултуп, пияз түбүн казып, сатууга тыюу салуу.

Статусу[оңдоо | булагын оңдоо]

VU. Түндүк Памир-Алайдын эндем түрү. Бул түр таптакыр жоголуп кетүү коркунуч алдында турат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]