Олигополия теориясы

Википедия дан

Олигополия теориясы - рынокто монополиялык топтордун үстемдүгүнүн жаңы формаларын талдоочу бурж.

  • экон. теория. Апологетика мүнөздөгү бул теория корпорациялар менен бурж. мамлекеттер үчүн сунуштарды иштеп чыгууга багытталган.
  • 19-кылымдын аягы — 20-кылымдын башында бурж. саясий экономиянын матем. мектеби олигополиянын бир түрү — луополияны иликтеген.
  • 20-кылымда бурж. экономисттер тарабынан олигополия ар кандай түшүндүрүлгөн. Бирок алар монополиялык топтордун рыноктогу абалын рыноктон тышкары факторлор (өндүрүш, финансы, социалдык, саясий ж. б.) менен байланышсыз талдаган.
  • Бурж. экономисттер олиго­полиянын монополиялык мүнөзүн, энын ил.-тех. рев-янын шартында капиталпзмдин карама-каршылыктарынын курчушуна ар тараптан таасир тийгизип жатканын жаап-жашырышат.
  • Алардын бир катары (Дорфман, АКШ ж. б.) олигополиянын максаты - көп киреше алуу экенин моюндарына алуу менен бирге монополия­лык топтор керектөөчүлөрдүн мүдөөсүн көздөйт дешет.
  • Монополияны жактоочулар Олигополия теориясын ири корпорацияларды тресттерге каршы закондордун таасиринен сактоо үчүн пайдаланышат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.