Ономастика

Wikipedia дан

Ономастика (грекче onomastikos — атоого байланыштуу, опота — ысым) —1) тил илиминде энчилүү аттарды, алардын тарыхын, тилде колдонулушун изилдейт. 2). Ономия — ар түрдүү энчилүү аттарга (антропонимика, топонимика, этнонимика жана башкалар) бөлүнүп кетет. О. элдердин мурдагы жайгашкан жерлерин, миграциясын, тилдик жана маданий байланыштарын, тилдердин байыркы абалын билүүгө жардам берет. Элдик оозеки чыгармаларда айрыкча эпостордо калктын эңсөө-тилектери, каалоо-максаттары, кылган кесиби, айлана-чөйрөгө болгон көз карашы жанаша (кээде аралаш) жашаган элдерге жасаган мамилелери жана башкалар аракеттери кеңири чагылдырылган. Элдик оозеки чыгармаларда, анын ичинде «Манас» эпосундагы онимдер өзүнчө бир баалуу маданий-тарыхый эстелик болуп саналат.

Манастын» эпос болуп жаралышына нечен кылым өтсө да чыгарманын алгачкы өзөгү айрым окумуштуулардын пикирине караганда элдин башынан өткөн ар кандай реалдуу окуяларга көптөгөн элдер (уруулар, уруктар, калктар) катышып, ал кеңири аймакта өткөндүктөн эпос О-га (энчилүү атоолорго) бай. Эпостун ономастиконунда байыркы жана андан кийинки мезгилдерде жаралган, ошондой эле бүгүнкү күндөрдө колдонулуп жүргөн энчилүү аттарды, алардын системасын, моделдерин жана башкалар типтерин жолуктурууга болот. Эпостун эпос болуп калыптанышында улам кийинки манасчылар элдин турмушундагы болгон соңку окуяларды эпикалык мүнөзгө айландырып иштеп чыгып, байытып, аны андан нары дагы көркөмдөткөн жана жалпылаштырган. Натыйжада, “Манастын» О-сы элдик чыгармалардын салты менен көркөм принциптерине багынып, эстетика-этикалык багыттарына баш ийип (элдик этимологиянын нугуна салынып) өзгөртүлүп, О-лык аймак жана мезгилдик жактан өзгөртүлүп, чыгарманы элге жеткирүүдө көркөм каражаттардын милдетин өтөгөн. Эпос — географиялык же тарыхый чыгарма эмес, ал эпикалык жомок. Ошондуктан, “Манастын» О-сын негизинен эпикалык (же көркөм поэтикалык) энчилүү атоолор деп кароого болот. «Манас» үчилтигинин О-сынан кыргыз энчилүү атоолорунун бардык тарамдары менен тармактарына байланыштуу маалыматтарды жолуктурууга болот. Чыгарманын энчилүү аттары жалпысынан төмөндөгүдөй топторго бөлүнөт: топонимдер (жер-суу аттары: Алты-Өзөн, Жет-Кайт, Кайнар-Кашат, Кабакарт, Оро-Төбө, Теңиз-Ноор), антропонимдер (адам аттары: Акбалта, Басаңкул, Даңдаң, Ошпур, Тоботой, Токотай, Үн-дүчак, Ушаң), этнонимдер (эл-журт аттары: алчын, катаган, ойрот, таргын, тыргоот, үйшүн, шыйту, эзет), зоонимдер (жан-жаныбар аттары: Айбанбоз, Аккула, Желтаман, Карасур, Куучабдар — тулпар менен күлүктөр), мифонимдер, айрыкча мифоантропонимдер (пир, пайгамбар, жин-пери, дөө, периштелердин дагы ушундай сыяктуу аттары: Азирейил, Умай эне, Кызыр, Кызыр Ильяс), хрематонимдер (курал-жарактардын аттары: Аккелте, Актинте, Ачалбарс, Очогор; жоо кийимдери: Аколпок, Көккүбө; космонимдер (жылдыздардын аттары: Чолпон, Жетиген, Үркөр жана башкалар).

Кыргыз эли мурда көчмөн турмушта жашап, негизинен мал чарбачылыгын кесип кылгандыктан дайыма конуш, жайыт жаңыртып тургандыгына байланыштуу «Манаста» топонимдер көп берилген, алар Борбордук, Чыгыш жана Орто Азия жер-суу аттары менен тыгыз байланышта: Алтай, Алты-Шаар, Губи-Шаму, Жаркен, Кангай, Кара-Шаар, Көкө-Ноор, Манжу, Оркун, Сары-Арка, Эдил жана башкалар «Манас» эпосундагы ар бир энчилүү ат — элдин дүйнөнү таанып кабылдоосунун, сезип-туюунун натыйжасы. Эпостогу онимдер кыргыз О-сынын баа жеткис бай казынасы, андагы ар бир энчилүү ат — элдик маданий эстеликтин өзгөчө бир баалуу түрү. “Манастын» О-сы түркологиялык багытта (контекстте) да, жалпы О-нын фонунда да бөтөнчө орунду ээлейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4