Оноре де Бальзак

Википедия дан
Бальзак (1842).

Оноре де Бальзак - Франциянын белгилүү жазуучуларынын бири.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оноре де Бальзак 1799-жылы 20-майда Франциянын бакчасы деп аталган Турень провинциясына жакын Туре шаарында туулган.Ата-энеси аны кичинесинен юрист болушу керек дей беришип, акыры Парижде, Вандом колледжинде укук таануу боюнча билим алган. Оноре де Бальзак 1850-жылы дүйнөдөн кайткан.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саясий көз караш боюнча легитимист болгон Бальзакка Француз агартуучуларынын материализми күчтүү псевдонимдер менен 8 роман жараткан. Анын чыгармачылык иши «Чигирим булгаары» романын жазуу менен башталат. 90 чыгармадан турган «Адам комедиясында» буржуазиялык коомдун саясий экономикалык, моралдык жүрүш-турпатын ачып берген «Гобсек» (1830), «Евгения Гранде» (1833), «Горио ата» (1834), «Нусингендин банк үйү» (1838), «Дыйкандар» (1844) өңдүү чыгармаларында жеке адамдын коом менен тарыхтагы ордун, идеалдарын, принциптерин сүрөттөп, түрдүү мүнөздүү классикалык образдардын бүтүндөй бир галареясын түзгөн.Жазуучуну көпчүлүккө тааныткан «Шаундар» аттуу тарыхый чыгармасы болуп калды. Ушул жылдары жараткан романдары жана повесттери анын кийинки жылдары жазылган жүзгө жакын чыгармалары менен бирдикте «Адамдын тамашасы» аттуу аябагандай зор циклине киргизилген.Өз мезгилинде Ф. Энгельс Бальзактын бул зор эпопеясы франциялык коомдун жарым кылымга жакын тарыхын үйрөнүүдө экономисттер менен тарыхчыларга бул чыгармалардын пайдалуу экендигин айткан. Россияда А. С. Пушкин, В. Г. Белинский, А. И. Герцен, Л. Н. Толстой, айрыкча Ф. М. Достоевский жана башкалар Бальзактын улуу чыгармачылык мектебинен өткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • БАЛЬЗАК Оноре де. Гобсек. Повесть жана ангемелер / Котор. Д. Орозалиев, К. Өгөбаев ~Ф.: Мектеп, 1975. - 110 б; БАЛЬЗАК Оноре де // Кыргыз Совет Энциклопедиясы. - Ф.: 1976. - Т. 1. -Б. 411; О
  • НОРЕ де Бальзак // Жаш ленинчи. - 1974. - № 5. - Б. 3; ЛИЛЕЕВА Ирина. Бальзактын өмүрүнүн орус барактары. -Сов. Кыргызстан. - 1974. - 19-май.