Онтогенез
Онтогеноз (грек тилинен οντογένεση: ον — жандык жана γένεση — жаралуу, төрөлүш) — организмдин жекече өөрчүшү, түйүлдүк пайда болгондон тартып тиричилигинин акырына чейинки өмүрү. Онтогенез удаалаш өтүүчү морфологиялык, физиологиялык, жана биохимиялык өзгөрүүлөрдү ичине камтыйт.
Түйүлдүктөгү онтогенез тууралуу.
Жыныс жолу менен көбөйүүчү жаныбарларда жана өсүмдүктөрдө жаңы организмдин пайда болушу уруктануунун натыйжасында иш жүзүнө ашырылат.
Ошондуктан онтогенез уруктанган энелик клеткадан — зиготадан башталат. Онтогенезде ар бир организм ырааттуулук менен бир нече мезгилди жана стадияны басып өтөт. Кишинин эмбриогенези негизинен түйүлдүк (эмбрион) жана түйүлдүктөн кийинки (постэмбрион) мезгил болуп бөлүнөт. Эмбрион мезгили — түйүлдүктүн өөрчүшү, ал жаңы организм туулганга чейин созулат. Бала төрөлгөн учурдан тартып өөрчүүнүн постэмбрион мезгили башталат да, ал өмүрүнүн аягына чейин созулат. Онтогенезди клетка ядросундагы тукум куума информация тейлеп, ал кийинки муунга берилет. Онтогенездин ар кайсы мезгилинде тукум куугучтукту тейлеген информация толук колдонулбайт. Организмдин өөрчүү мезгилине же стадиясына жараша анын клеткалары ал информациядан өзүнө ылайыктуу бөлүктөрүн пайдаланат. Мисалы, өмүр бою кишинин гемоглобин молекуласынын тиби 3 жолу алмашылат. Түйүлдүк мезгилинде эмбрион гемоглобини пайда болот. Бир нече убакыттан кийин бул молекулаларды тейлөөчү ген басаңдап, анын ордуна башка ген иштейт. Андан кийин чоң кишинин гемоглобини синтезделет. Гемоглобиндин алмашып турушу организмдин талабынан келип чыгат. Түйүлдүк мезгилинде организмди эненин каны камсыз кылат, ал убактагы гемоглобин чоң кишинин гемоглобинине караганда кычкылтек менен оңой байланышат. Ошентип эволюциялык өөрчүүдө организмдин маанилүү ыңгайлануусу пайда болгон. Эгерде түйүлдүк гемоглобини чоң кишинин гемоглобинине алмашылбай же жетишсиз алмашылып калса талассемия оорусу пайда болот. Тукум куугучтукту алып жүргөн гендердин ишине тышкы чөйрөнүн шарты да чоң таасир берет. Онтогенез филогенездин кыскача кайталанышы болгондуктан, бул эки процесс өз ара тыгыз байланыштуу жана бири бирине көз каранды.
Онтогенездин белгилүү бир мезгилинде тукум куума оорулардын көбү пайда болору аныкталган. Мындай оорулардын өзгөчөлүгүн билүү аларды табууда жана дарылоодо абдан маанилүү (Тукум куума оорулар). Ошондой эле тигил же бул ооруну алып жүрүүчү генди табуу медициналык генетиканын адистерине мындай ген тукумга коркунучтуу экендиги жөнүндө кабарлап, түрдүү кеңештерди берүүгө жардамдашат (Ген, Генетика, Медициналык генетика).
Уруктангандан кийинки мезгил
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Уруктангандан кийин бир аз убакыттын кийин бөлүнүү жүрөт. Бөлүнүүнүн тез жана толук жүрүшү жаныбардын жумурткасына, белокдун топтолушуна байланыштуу. Эгерде жумурткада изолецеталдык сарысы аз жаныбардын жумурткасында бөлүнүү 2, 4, 8, 16, 32 бирдей бластомерлерге жүрөт.
Ал эми телоциталдык жумуртканын сарысы көп болгондуктан бөлүнүү толугу менен жүрөт, кээ бир учурганда толук эмес бөлүнүү бластомердин вегатативдик уюлунда жумуртканын сарысы көп болгон учурда, бөлүнүү ылдамдыгы, анималңдык уюлдагы бөлүнүүгө караганда бир нече төмөн болот. Буга жерде-сууда жошоочуларда бөлүнүү толук, бирок бирдей эмес жүрүшү мисал боло алат. Ал эми балыкта, куштар ж. б. кээ бир жаныбарда жумуртканын анималдык уюлунда жарым жартылайында бөлүнүү толук эмес жүрөт.
Сүт эмүүчүлөрүнүн жумурткасын белоктун сарысы аз болгондуктан, анда бөлүнүү толук менен жүрөт, бирок бир кылка эмес. Бластомерде бөлүнүү ар кандай ылдамдыкта жүрөт, бластомердин бөлүнүүдө саны көбөйөт, бирок ар бир бөлүнүү баскычында саны, көлөмү жагынан кичирейет. Мындай өзгөрүүлөрдү төмөндөгүчө түшүндүрүүгө болот, себеби, зиготанын митоздук бөлүнүүсүндө интерфаза баскычы болбойт. Бул учур баштапкы синтездөө болгондуктан, аны синтездөө телофазада башталат. Митоздук бөлүнүү биринин артынан бири жүрөт, бөлүнүүнүн аягында салмагы зиготаныкына караганда түйүлдүктүн ядролору майда цитоплазмасы бир топ көп болот. Бөлүнүү бластомердин пайда болушу менен аяктайт.
Көп клеткалуу жаныбардын өөрчүсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Көпчүлүк көп клеткалуу жаныбардын жеке өрчүүсүнүн биринчи баскычы бластуладан (гр."бластон"-түйүлдүк) башталат.
Онтогенездик өөрчүүдө көпчүлүк көп клеткалуулардын түйүлдүктөрү бир нече өсүү баскычтарын басып өтөт. Түйүлдүк алгачкы өрчүү учурунда тоголок, бир катмардуу болуп, биринчилик ички көңдөйү бластоцель деп аталат. Толугу менен бир кырка бөлүнүүдө (ланцетниктердикиндей) бластула бир катмарлуу ыйлаакча түрүндө болгон клеткалар бластодерма деп аталат. Бардык жаныбардын түйүлдүгү бластула баскычын басып өтөт. Бардык клеткалардын ядролору диплоиддик болуп, баардыгы тең тукум куугучтуктун маалыматтарын алып жүрөт. Аларда бластомералердин саны 64, чанда 128 жана андан да көп болот. Бластула өлчөмү жагынан зиготандай.
Организмдин жеке өрчүүсүнүн экинчи баскычы-гаструла (гр."гастер"- карын). Түйүлдүктүн өрчүүсүндө татаал өзгөрүүлөр жүрөт. Бул абалда түйүлдүк эки же үч катмарлуу болот. Түйүлдүк катмары деп аталат.
Гаструланын натыйжасында ичеги көңдөйлүү, алгачкы ооз тешиги пайда болот, эки катмарлуу клеткада: биринчиден түйүлдүктүн ички бөлүгүндө эндодерма (ички катмары) жана эктодерма (сырткы катмары) пайда болот. Энто- жана эктодерманын ортосунда мезодерма (ортончу катмары) пайда болот.
Хордалуулардын өөрчүсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Хордалуулардын түйүлдүгүнүн акыркы өсүү баскычында нерв (гр."нейрон"-нерв) жана хорда жаралат. Нерв системасы эктодерма катмарынан, ал эми энтодермадан хорда, ткандар, ички органдары жана алардын тармактары жаралат. Эктодермада дененин сыртына каптаптоочу эпителий, тиш бедери (эмаль), нерв жана сезүүчү мүчөлөр пайда болот. Эндодерма катмарынан ичеги, тамак сиңирүүчү бездер, өпкө, ал эми мезодермадан сөөк, жылма жана таргыл булчуңдар, кан тамырлар, бөлүп чыгаруу органдары жана жыныс мүчөлөрү жаралат.
Немец окумуштуусу Г.Шпеман 1921 ж. жаңыдан өрчүй баштаган органдардын бири-бири менен болгон байланыштарын ачкан, буга ал түйүлдүктүн индукциясы деп ат койгон.
Онтогенездик өрчүүдөгү шарттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жаратылышта организмдин жекече өрчүүсү, тиричилиги жансыз жана жандуу чөйрө менен бирдикте болот. Түйүлдүк пайда болгондон тартып, анын өөрчүп өсүшү негизинен үч шартка: тукум куугучтукка түйүлдүктүн ички органдар менен болгон катнашына жана жалпы сырткы чөйрөнүн түйүлдүктүн өсүшүнө болгон таасирине байланыштуу.
Жеке организмде тукум куугучтуктун касиети толугу менен ядро болот. Бирок жеке организмдин геному толугу менен бир учурда иштешпейт, алардын кайсы бир гана бөлүгү иштебейт. Тукум куугучтуктун өзгөрүшүнө физ. шарттар: радиация, температура, хим. заттар, о. эле популяция өкүлдөрүнүн бири-бири менен аргындашуулары чоң таасир этет. Түйүлдүктүн жеке өрчүүсүндө ич ара бири-бирине болгон таасирлери чоң. Алгачкы өсүү учурунда жумуртка цитоплазманын ар түрдүүлүгүнө карата клеткада ажыроо башталып, мүчөлөрдүн клеткаларынын бири-бирине болгон таасирлеринин натыйжасында тукум куугучтуктун касиети берилет. Түйүлдүктүн өсүүсүндө сырткы чөйрөнүн таасиринин (өтө суук, өтө кургакчылыкта) натыйжасында өсүп жаткан түйүлдүк өөрчүбөй, өлүп калат.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8