Энелик клетка

Википедия дан
Адамдын энелик клеткасы

Энелик клетка — аялдардын жыныс клеткасы.
Энелик безде өөрчүйт. Негизги аткарган кызматы организмдин көбөйүү процессине катышат. Ал аталык жыныс клеткасы менен биригип зигота же уруктанган клетканы пайда кылат. Зиготадан түйүлдүк өөрчүйт. Энелик клетка башка клеткалардай эле ядро, цитоплазма, мембрана жана органоиддерден турат. Бирок аткарган кызматына жараша бир топ өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Ядро энелик тукум куума касиеттерди алып жүрүүчү хромосомалардын гаплоиддик жыйындысы жайгашкан. Цитоплазмада түйүлдүктүн өөрчүшүнө керектүү сары түстөгү азык заттын запасы болот. Энелик клетканын формасы шар сымал келип, бир аз кыймылдоого жөндөмдүү. Энелик безде пайда болгон энелик клетка грааф ыйлаакчасы жарылып ич көңдөйүнө түшөт. Бул процесс овуляция деп аталат. Ал жерден жатын түтүгүнүн желпүүрү менен жатын түтүгү аркылуу жатынды карай жылат. Анан жатындын түтүкчөлөрүнө түшүп акырын жыла баштап, эркектин урук клеткасы (сперматозоид) менен кезиксе уруктануу процесси жүрөт. Энелик клетка уруктанган убакта да жетилүү процесси бүтө элек болот.
Жаш жыныс клетка (овоцит) экинчи жолу бөлүнүп (мейоз) жетилген энелик клеткага айланат. Уруктануу бүтөр замат зиготанын тегерегинде атайын кабык пайда болуп, ал энелик клеткага ашыкча сперматозоиддердин киришине тоскоол болот.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8