Овуляция

Википедия дан
Жакындап келе жаткан овуляция
Урук клеткасынын энелик бездерден чыгуу алдында тургандыгын көрсөткөн түстүү сүрөт
Адистик: Айыз түрмөгү

Овуляция (лат. тил. ovum - жумуртка) —жетилген, уруктанууга жөндөмдүү уруктун фолликуладан чыгышы. Урук клеткасы фолликулярдык суюктук менен кошо ич көңдөйүнө, андан соң жатын түтүгүнө кирет.

Овуляциянын биологиялык мааниси уруктандыруу үчүн урукту фолликуладан чыгарууга байланышкан. Эгерде уруктануу жүрбөсө, анда кезектеги айыз түрмөгү келет.

Процесстин сыпаттамасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Овуляция – эркектин жыныстык клеткасынын (сперматозоид, сперма) ургаачы клеткасы (уругу, урук клеткасы) менен биригишине өбөлгө түзүүчү шарт. Урук клеткасы аялдын энелик безинде жетилип, андан кийин жатын түтүкчөсүнө түшүп, ушул фазада уруктанат.

Овуляция аялдын айыз түрмөгүнүн башталышына 14 күн калганда, 21-35 күн сайын болуп турат. Бирок, бул түрмөктөн четтөөлөр көп жана  ал ченемдүү көрүнүш катары эсептелет. Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, дени сак аялдардын 13%ында гана 28 күндүк түрмөк болот. Овуляция айыз түрмөгүнүн ар кандай күндөрүндө, жетилүү фазасынын узактыгына жараша болот. Болжол менен 25% учурда овуляция түрмөктүн 14-15-күнүндө болот. 60% учурларда бул түрмөктүн 14-күнүнөн кийин гана, ал эми 5% - түрмөктүн 11-күнүндө же андан эртерээк болот.

Овуляция процесси болжол менен бир саатка созулат, андан соң урук 24 сааттын ичинде жатын түтүгүндө уруктануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Аял овуляция процессин сезе албайт. Овуляция ыктымалдыгы жогору болгон фертилдик мезгил овулятордук мезгил деп аталат. Овуляциянын жогорку деңгээлин аныктоонун көптөгөн ыкмалары бар. Мисалы, медициналык мекемелерде уруктун фолликулаларын ультра үн диагностикасы аркылуу текшерүү аппараттары бар. Кээде кандагы лютеинизациялоочу гормондун концентрациясын аныктоо ыкмасы колдонулат.

Үй шартында овуляция мезгилин текшерүү үчүн заара ыкмасын же календардык ыкманы колдонушат. Овуляция мезгилин билүү абдан маанилүү, анткени бойго бүтүү дал ушул мезгилде болот.

Овуляция учурунда аялдардын жыныстык гормондору активдүү бөлүнүп чыгып, аялдын жыныстык каалоосун жогорулатат.

Эгерде уруктун уруктануусу болгон болсо, анда үчүнчү же төртүнчү күнү эмбрион жатын көңдөйүнө кирип, бешинчи же жетинчи күнү имплантация процесси жүрөт. Эгер клетка уруктанбаса, урук бир күндүн ичинде жатын түтүгүндө өлөт.

Овуляциянын фазалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фолликуладан жетилген уруктун чыгуу процессинде үч этапты бөлүп көрсөтүүгө болот:

  • Фолликулярдык фаза - бул айыз түрмөгүндө, айыз башталган мезгилден баштап овуляция башталганга чейин фолликулалар акырындык менен жетилген баскыч.

Бул фаза гипоталамустун жардамы менен гонадолибериндин чыгышы менен башталат, бул аз өлчөмдө фолликулаларды стимулдаштыруучу жана лютеиндештирүүчү гормондордун секрециясына аденогипофизди стимулдаштырат. Урук бездеринде бир нече фолликулалар өнүгө баштайт, алардын ичинен эң көп рецепторлору бар фолликула доминанттык фолликул болот. Фолликула аденогипофизден лутропиндин кескин бөлүнүп чыгышына чейин чоңоёт. Ушуну менен фолликулярдык фаза аяктап, овуляция фазасы башталат.

  • Овулятордук фаза – бул фазада андан ары өсүүсүн уланткан доминанттык фолликула аныкталат. Үч күнгө жакын созулган овуляциялык фазада лютеиндештирүүчү гормон (ЛГ) бөлүнүп чыгат. 36-48 сааттын ичинде ЛГ бошонуунун бир нече кыска толкундары жүрөт. Адатта овуляция эң чоң ЛГ толкунунан кийинки 24 сааттын ичинде болот. Овуляция учурунда  урук клеткасын  камтыган 5-10 мл фолликулярдык суюктук бөлүнүп чыгат.
  • Лютеиндик фаза – лютеиндик фазанын узактыгы –  туруктуу 13-14 күн.  Ыйлаакча жарылып, клеткаларда липиддер жана лютеин пигменти топтолуп, ага сары түс берет. Пайда болгон фолликула эми сары тулку деп аталат. Лютеиндик фазанын узактыгы сары суюктуктун аракетине байланыштуу болот, бул мезгилде ал прогестерон, эстрадиол жана андрогендерди бөлүп чыгарат. Эндометрия бездери жетилип, көбөйөт да, бөлүнүп чыга баштайт (бөлүп чыгаруу фазасы), жатын уруктанган урукту имплантациялоого даярданат.

Кош бойлуулук  башталганда, сары тулку плацента өнүккөнгө чейин прогестерон гормонун өндүрө баштайт. Эгерде бойго бүтпөсө, сары  тулку өз аракетин токтотот.

Овуляциянын белгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Овуляциянын объективдүү жана субъективдүү белгилери бар. Ичтин ылдый жагындагы кыска мөөнөттөгү оору анын субъективдүү белгиси болушу мүмкүн. Ал эми объективдүү белгилерине кындын ичиндеги былжырлуу суюктуктун көбөйүшү жана базалдык температуранын күн сайын төмөндөшү кирет.

Кош бойлуулуктун башталышын овуляциянын ишенимдүү белгиси деп эсептесе болот.

Овуляциянын жоктугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Овуляциянын бузулушуна жыныс органдарынын сезгениши, бөйрөк үстүндөгү  без кабыкчаларынын же калкан сымал бездин иштешинин бузулушу, тутумдук оорулар же стресстик кырдаалдар, зат алмашуунун бузулушу – салмактын кескин өзгөрүшү, ошондой эле салмактын жетишсиздиги себеп болот.

Овуляция жоктугу ановуляция деп аталат. Ал аз жана сейрек этек кир менен мүнөздөлгөн олигоменорея түрү боюнча айыз ыргагынын бузулушунан көрүнөт. Ановуляция көпчүлүк учурда тукумсуздукка алып келет.

Калыбына келтирүү ыкмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Овуляция циклин калыбына келтирүү үчүн алгач анын үзгүлтүккө учурашынын себебин аныктоо керек.

Ановуляцияны пайда кылган негизги оору жеӊилдесе, овуляция цикли өзүнөн өзү калыбына келет.

Гормоналдык дары-дармектерди кабыл алуу аркылуу овуляцияны стимулдаштыруу ыкмасы дагы бар. Мындай дары-дармектердин түрү, алардын өлчөмү жана ичүү схемасы ар бир аял үчүн жекече тандалат. Стимулдаштыруунун натыйжалуулугу фолликуланын бышып жетилишин ультра үн изилдөөчү аппарат аркылуу текшерүүнүн (фолликулометрия) жыйынтыгы боюнча бааланат.

Контрацепция[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Овуляцияны басуу – бул контрацепциянын ыкмаларынын бири.

Контрацепция ыкмаларына ичүүчү контрацептивдер, импланттар, инъекциялык дары-дармектер, пластырлар, кын шакекчелери, жатынга коюлуучу спираль, презерватив, эркекке  жана аялга жасалуучу стерилизация, лактациялык аменорея ыкмасы, жыныстык катнаштан кармануу жана ыргактык (физиологиялык) ыкмалар кирет. Булардын бардыгы иш-аракеттердин ар кандай механизмдерине негизделген жана каалабаган кош бойлуулуктун алдын алууда ар кандай натыйжа берет.

Мындан тышкары, гормоналдык контрацепция ыкмасы дагы бар, овуляция мезгили бойго бүтүрүүгө таасир этүүчү фактор болуп эсептелгендиктен, мындай ыкма негизинен овуляция мезгилине байкоо жүргүзүүгө негизделген. Гормоналдык терапия овуляциянын деңгээлин көтөрүүгө да жардам берет.

Овуляцияны басуунун дагы бир ыкмаларынын бири – контрацепциянын календардык ыкмасы, бул Огино-Кнаус ыкмасы деп да аталат. Бул овуляциянын болжолдуу датасын эсептөөдөн жана бойго бүтүү ыктымалдыгы жогору күндөрү жыныстык катнаштан баш тартуудан турат. Бирок мындай ыкманы, кош бойлуу болуу үчүн, бойго бүтүү ыктымалдыгы жогору күндөрү жыныстык катнашка баруу максатында дагы колдонууга болот. Календардык ыкма – бойго бүтүүдөн сактоонун эң ишенимсиз ыкмаларынын бири.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Безгек                                                            
  • Иммунизация
  • COVID-19дун алдын алуу  

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://en.wikipedia.org/wiki/Ovulation#Ovulation_suppression
  2. https://en.wikipedia.org/wiki/Hypothalamus
  3. https://www.who.int/ru/news-room/fact-sheets/detail/family-planning-contraception
  4. https://es.wikipedia.org/wiki/Ovulaci%C3%B3n#Fases_de_la_ovulaci%C3%B3n
  5. https://medikom.ua/ru/pervichnaya-i-vtorichnaya-oligomenoreya/
  6. https://fr.wikipedia.org/wiki/Ovulation#La_f%C3%A9condation
  7. https://www.who.int/ru/news-room/fact-sheets/detail/emergency-contraception