Ооган

Википедия дан

Оогантопоним, эпосто кыргыздарга жакын жайгашкан мамлекет, өлкө жана андагы жашаган эл катары кеңири учурайт. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында Бокмурун атасы Көкөтөй өлгөн учурда жанында болбой О-да жүргөн болот. Муну Бокмурун Манаска салган кеңешинде айтат:

Үч айлык жолго мен барып,

Ооганга кетип мен калып,

Алган жаңы колуктум,

Айлыма келген кезимде

Армандуу күнгө жолуктум,

Ооганда жүрүп сенделдим,

Оо дүйнө атам кеткенде (Сагымбай Орозбаков, 3. 37).

О-дар деп азыркы Афганистандын, же кыргызча Ооган өлкөсү менен анын эли аталат. Эпостун көп окуяларында кеңири баяндалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4