Оптикалык локация

Википедия дан

Оптикалык локацияультракызгылт-көк толкундардан инфракызгылтка чейинки оптикалык диапазонго туура келүүчү электр-магниттик толкундардын жардамы менен алыскы объектилердин координаталарын жана формаларын аныктоо ыкмасы. Оптикалык нурду объектиден чагылтып алуу жолу менен объектиге чейинки аралыкты аныктоо ыкмасы – Оптикалык локациянын негизи. Ал жөнүндө 1934-жылы А.А.Лебедев айткан жана аны 1936-жылы иш жүзүнө ашырган. Бирок жогорку тактыктагы жана алыс аралыкка иштөөчү оптикалык локация оптикалык нурланыштын жогорку кубаттуу жана когеренттүү булактары – лазерлер пайда болгондон кийин гана түзүлдү. Оптикалык локацияда координаталарды аныктоонун радиолокациялык принциптери колдонулат. Объектиден чагылган лазер нуру күзгү менен фокусталып кабыл алынгандан кийин бурчтук координатасын жана алыстыгын аныктоо үчүн фотокабылдагычтын матрицасына, фотоэлектр көбөйткүчкө берилет. Жарык андан ары оптикалык локация башкаруучу системага өтөт. Оптикалык локация Жердин, Айдын беттеринин карталарын түзүүдө, самолёттордун, космос кемелеринин, суунун астындагы объектилердин координаталарын аныктоодо пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Физика: Энциклопедиялык окуу куралы,Башкы редактору Ү.Асанов Жооптуу редактору Жээнбаев Ж, ISBN 9967-14-010-0,