Оптикалык нурланууну күчөтүү

Википедия дан

Оптикалык нурланууну күчөтүү – атайын түзүлүштөр жана кубулуштар менен оптикалык нурлануунун кубаттуулугун же жаркырактыгын чоңойтуу. Күчөтүү когеренттүү эмес түрдө ишке ашырылат. Оптикалык нурланууну күчөтүүдө аргасыздан нурлануу эффектиси колдонулат. Оптикалык квант күчөткүчтөрү (ОКК) шыкоо, активдештирүү чөйрөсү, иштетүү режимдери боюнча айырмаланышат. ОКК активдүү чөйрөнүн күчөтүү диапазонуна туура келүүчү оптикалык нурлануунун ичке тилкелүү спектрин гана күчөтө алат. Күчөтүү коэффициентинин чоң маанилерине жетишүү үчүн бир канча Оптикалык квант күчөткүчтөрү удаалаш туташтырылат. Кубаттуу лазердик система түзүү үчүн Оптикалык квант күчөткүчтөрү квант электроникасында колдонулат. Оптикалык нурлануунун параметрдик күчөткүчтөрүндө сызыктуу эмес оптика кубулушу колдонулат. Күчөтүүнүн жыштык боюнча чектери кең пределде өзгөртүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Физика: Энциклопедиялык окуу куралы,Башкы редактору Ү.Асанов Жооптуу редактору Жээнбаев Ж, ISBN 9967-14-010-0,