Оптикалык системанын аберациясы
Оптикалык системанын аберациясы (лат. aberratio — кыйшаюу) — оптикалык системадагы (линза, фотоаппарат, микроскоп ж. б.) сүрөттөлүштүн даана болбошу.
Мындай учурда оптикалык сүрөттөлүш так эмес же күңүрт болушу мүмкүн. Оптикалык системанын аберациясы геом. жана хроматлкалык болуп айырмаланат. Геометриялык Оптикалык системанын аберациясы системага жоон жарык тобу (сфералык аберрация, кома) же жарык тобу системанын негизги оптикалык огуна кыйгач түшкөндө (астигматизм, дисторсия) пайда болот. Геом. аберрация монохром жарыгы түшкөндө оптикалык системанын кемчилигин мүнөздөйт. Xроматикалык Оптикалык системанын аберациясы монохром эмес (мис., ак) жарыкты пайдалануудан пайда болот. Ал оптпкалык системанын линзасы менен призмасында жарык дисперсиясы болушунан шартталат, сүрөттөлүштүн четинде түрдүү түстөр түрүндө көрүнөт. Бул аберрацияларды ар кандай линзалардын комбннациясы аркылуу жоюуга болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.