Орбели Иосиф Абгарович

Википедия дан

Орбели Иосиф Абгарович [20(8). 3. 1887, Кутаиси – 2. 2. 1961, Ленинград] – советтик чыгыш таануучу жана коомдук ишмер, СССР ИАнын академиги (1935), Армян ССР ИАнын академиги жана анын 1-президенти (1943– 47). 1911-ж. Петербург университетин бүтүргөн. 1914– 31-ж. Петербург, кийинчерээк Ленинград университетинде доцент жана профессор 1920-жылдан Мамлекеттик Эрмитажда иштеп, советтик чыгыш таануунун ири борбору болуп калган Чыгыш бөлүмүн түзгөн; 1934–51-ж. Эрмитаждын директору. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында Ленинградда калып, музей байлыктарын сактоо боюнча чоң иштерди жасаган, согуштан кийин Эрмитажды калыбына келтирүү иштерин жетектеген. 1956–61-ж. Ленинград мамлекеттик университетинин чыгыш факультетинин деканы, 1956–61-ж. СССР ИА нын Азия элдери институтунун Ленинград бөлүмүнүн башчысы. Негизги изилдөөлөрү кавказ таанууга, Ж. Чыгыштын орто кылымдагы Маданиятына, армян эпиграфикасына, фольклоруна, элдик эпоско, күрд тилине, Грузия, Армения архитектурасына, Сасаниддер жана сельжуктардын Маданияттарына арналган. Студент кезинде Армения борбору Ани шаарын археологиялык изилдөөгө катышкан. Ван көлүнүн аймагында (Түркия) жана Арменияда казуу иштерин жүргүзгөн. Эки Ленин ордени менен сыйланган. Эмгектери: Избр. труды. Ер., 1963; Избр. труды в двух томах. М., 1968.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]