Организмдин картайышы

Википедия дан

Организмдин картайышы - биол. закондун негизинде организмин жашына ылайык өзгөрүүсү.

Фи­зиол. жанa эрте картаюу болуп бөлүнөт. Биринчиси жаштын илгерилешине жараша акырындык менен жетишет. Экинчиси организм жаш кезинте эле ооруга, өндурүштөгү шартка карата бөтөнчө чарчоо ж. б. себептерге байланыштуу. Карылыкка функциялык жанa морфол. өзгөрүүлөр таандык. Адамдын келбети, психикасы, акыл-эси, жүрүш-турушу өзгөрөт. Тери жукарып, кургап, кыртыш майлар азайгандыктан шалбырап, бырыш кирет. Чач суюлат, анын өңү күңүрттөнүп, акырында агарат. Булчуң эттин атрофиясына байланыш­туу анын массасы азаят, тулку бой кыскарат. Муундарды чор басып, кыймыл начарлайт. Күч азаят, жумушка жөндөмдүүлүк начарлап, бат чарчайт. Буларга ылайыктуу физиол. жанa биохим. өзгөрүүлөр кездешет. Негизги зат алмашуу, ткандарда газ алмашуу төмөндөйт, гликолиз күчөйт. Борб. нерв системасында ички тормоздоо начарлайт. Кары киши чөйрөнүн өзгөрүшүнө оңойлук менен келбейт, унутчаактык пайда болот. Организмдин картайышына морфол. өзгөрүүлөр мүнөздүү. Клетканын ядролору тырышып, иитоплазмада липоид көбөйөт. Көздүн күчү, кулактын угушу начар­лайт. Эндокрин бездери (гипофиз, калкан бези ж. б.) атрофияга учурап, гормондор азыраак бөлүнүп, алардын таасири начарлайт. Жыныс бездеринин функциясы төмөндөйт.

Кан тамырлардын капталында кальцийдин кошулмалары көбөйүп, чоюлгуч касиети төмөндөйт, алар ичкерет да, кандын басымы жогорулайт, жүрөктүн согушу акырындайт; газ алма­шуу начарлап, демигүү пайда болот. Тамак сицирууго катышкан бездер зтрофияга учурайт, тиш түшөт, карын кичирейет. Организмдин картайышын түшүндүрүүгө багытталган ЗООге жакын теория бар.

Акыркы теория кибернетика илимине таянын, карылык организм жаралганда эле эволюциялык өзгөрүүгө ылайык программалаштырылган деп түшүндүрөт. Чындыгында эле Организмдин картайышы жок болсо өсүү да жок, эволюциялык өсүү да жок. Ошондуктан генетика программасына байла­ныштуу молекулалар өзгөрүүгө дуушар болуп, акырында картаюуга алып келери шексиз. И. И. Мечни­ков, А. А. Богомолец адамдын өмүрү 120—150 жашка жетиши керек деп эсептешкен, азыр ушул жаштагы адамдар бар. Организмдин картайышы социалдык жана экон. шарттарга байланышат.Экзамен тапшырып тосуп з....л чыкты го шшс

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.