Органикалык-минерал жер семирткич
Органикалык-минерал жер семирткич - гумин жер семирткичи - органикалык заттары жанa минерал бирикмелери бар жер семирткич.
Органикалык-минерал жер семирткич гумин кислотасын же составында ушул кислота бар материалдарды (чым көц, күрөң таш көмүр, балыр, сланец, чириндини) аммиак, фосфор кислотасы, калий туздары менен иштетүүдөн алынат да, составы ар түрцүү болот.
Органикалык-минерал жер семирткич гумофос, гумофоска, чым көң-аммиак жер семирткичи (ТАУ), чым көң-минералдуу-аммиактуу жер семирткич (ТМАУ), натрий жанa аммоний гуматы сыяктуу ат менен белгилүү.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.