Ория
Ория, уткали — Индиянын Орисса штаттында жашаган эл.
Саны 35 млн адам.
Ория тилинде сүйлөшөт.
Ишенгендердин көпчүлүгү индуистер.
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Этностун калыптанышына көчүп келген индоарийлер жана автохтондук дравиддер жана мундалар катышкан. Ория ата-бабалары байыркы убакта Калинга мамлекетин байырлашкан, андан кийин Маурья, Гупта, Харша мамлекеттеринин курамына кирген. 16-19-кылымдарда ория жерлери Улуу Моголдордун бийлиги астында болгон. 19-кылымда ория жерлери Улуу Британиянын көзөмөлүнө өткөн. Суверендүү Индияда (1947ж.) ория улуттук аймагы өзүнчө штат катары бөлүнгөн.
Чарбалык иштер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дыйканчылык (жер айдоо) менен алектенишет. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: күрүч, таруу, буурчак, тамеки, пахта, джут, кокос пальмасы, куркума, бетель.
Кол өнөрчүлүк
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жыгач, таш жана пилдин сөөгүн оюу, жибек өндүрүү, сайма-тигүү, аппликация (пипли) өнүккөн. 16-кылымдан баштап мусулман маданиятынын таасири астында алтын жана күмүш боюнча филиграндык өнөр өнүккөн.
Ория арасында өнөр жай жумушчулардын саны аз.
Салттуу тамак-аш
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жашылча жана ачуу татымал (пакхал) кошулган күрүч. Буйволдун сүтүнөн жасалган быштак. Кээде балык, койдун жана эчкинин этин жешет.
Турак жай
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алар негизинен айылдарда жашашат. Үй чоподон курулган, көп бөлмөлүү жана верандасы менен. Чатыры пальма жалбырактарынан. Дубалдары ак боёк менен боёлгон. Короосу чарбалык курулмалар менен курчалган. Короонун борборунда ыйык базиликанын кичинекей бакчасы жана сыйынуу жана диний ырым-жырымдарын аткарууга орун бар.
Коом
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бөлөлөрдүн ортосунда никеге турууга тыюу салынат. Генеративдик типтеги тууганчылык терминдеринин тутуму. Касталык бөлүнүүлөр практикаланат.
Маданият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ориссада көптөгөн диний курулуштар жайгашкан. Жайнисттик жана индуисттик диний борборлору:
- Кхандагири жана Удаягири тоолорундагы үңкүр храмдары (б.з.ч. 2 к.).
- Бхубанешвар храмы, Бхубанесвар ш.
- Джаганнатха храмы (12 к.), Пури ш.
- Сурья храмы (13 к.), Конарак ш.
- Дурги храмы (13 к.), Джаджпур ш.
Ошондой эле буддалык чоң ступалар кездешет.
Эң маанилүү майрам – Пуридеги (июнь-июль айларында) Джаганнатхага арналган "Араба майрамы" (Ратхаятра).
Бийлердин ичинен классикалык Одисси (соло, храмдын бийчилери аткарган) жана Чхау (беткапчан эркек бийи) белгилүү.