Оркой

Википедия дан

Оркойтопоним. Эсенкандын буйругу боюнча кытай-калмактардын Жолой, Дөңгө баш болгон балбан-баатырлары көп кол менен Манасты кармап кетүү үчүн келишет. Жоокердик салтка ылайык жекеге чыгып, ат үстүнөн найзалашып сайышуунун биринчи кезеги Жолойго берилип, аны коркута айткан Манас баатырдын диалогу О. деген жер жөнүндө төмөнкүчө эскерилет:

Алтай, Оркой жериңди,

Айланып баарын баспасам,

Манас болбой өлөйүн,

Сенин ордоңду бузуп чачпасам (Саякбай Каралаев , 1.96).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4