Ормомбек

Википедия дан

Ормомбек, Ормонбек — «Манас» эпосунун “Манас» эпосунун эпизоддук кейипкери. Саякбай Каралаевдин вариантында бирде кырк чоронун бири, бирде кан делип айтылат. [[Манас баатыр|Манас[[]] Көзкамандар|]] Көзкамандарды]] тосуп келүүгө үч канды (О., Жамгырчы, Шыгай) жиберет (Саякбай Каралаев, «Семетей» , 1. 191). Чубак Манаска тарынып кетип калгандагы Коңурбайдын Таласка кол салышында, О. кандын башына бийөнгө тийип өлгөнү айтылат. Ал эми Көзкамандар уу бергенде: Манас чоролорунун катарында О-ти да атайт: «Ормонбек, Бозуул түгөйлөш, Теңизим карап турсачы» (Саякбай Каралаев, «Семетей» , 1. 199). Жакып Каныкейди Бакай Текеченин О-ке бермек болуптур деп, Абыке, Көбөштү тукурат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4