Орозбүбү Сатиш кызы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Орозбүбү Сатиш кызы (21.03.1959) – Кыргызстандагы манас таануучу жана акын айымдардын бири. Жусуп Мамайдын чыгармачылыгын иликтеген адис. Кесиби – экономист. Учурда (1993-жылдан тартып) Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Коомдук илимдер институтунун (кийин Аймактык илимий билим берүү борбору жана Гуманитардык изилдөөлөр институту болуп өзгөртүлдү) илимий кызматкери болуп иштеп келет. КР Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү (2004).

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Орозбүбү Сатиш кызы 1959-жылы 21-мартта Кыргызстандагы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ак-жар айылында төрөлгөн.

Атасы – Сатиш Туратов (1912-1991) кыргыздын басыз уруусунан кирген тилеке уругунан. Энеси Бегимбү Акмат кызы Турат келини (1934-2006) кыргыздын басыз уруусундагы кашка уругунан. Алар үч кыздуу болгон, Орозбүбү – ортончусу. Эжеси – Гүлгаакы (1952), сиңдиси – Мунаргүл (1970).

Орозбүбү Сатиш кызы 1976-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы “Ак-жар” орто мектебин аяктаган.

Ал 1977-1979-жылдары Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) Механикалык-математика факультетинде окуган.

1979-жылы Орусиянын борбору Москва шаарындагы Москва суу чарба институтунун Суу чарбасынын экономикасы факультетине которулуп, окуусун уланткан. 1984-жылга чейин анда таалим алып, бирок аны бүтпөй калган.

1996-жылы Ош технология университетинин Экономика жана менежмент факультетин аяктаган.

Кесиби - экономист.
Эмгек жолун Өзгөн районундагы “Ак-жар” орто мектебинде “пионер вожатый” болуп иштөөдөн баштаган. (1976-77-жж).

Фрунзе шаарындагы Бүткүл союздук “Союзводавтоматика” суу чарбасын долбоорлоо институтунда сызуу-конструктору болуп иштеген.

1986-95-жж. - Ош шаарындагы Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониянын алгачкы Адабият бөлүм башчысы болгон.

Ошол эле учурда, 1993-жылдан тартып Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Коомдук илимдер институтунун (кийин Аймактык илимий билим берүү борбору жана Гуманитардык изилдөөлөр институту болуп өзгөртүлдү) илимий кызматкери болуп иштеп келет.

2007-жылдан тартып Ош облустук Таш Мияшев атындагы балдар китепканасында “Манас” мектебин ачып, азыркыга чейин жетектеп келе жатат.

Сапарлары[оңдоо | булагын оңдоо]

1997-жылы Кытайдын ШУАРында болгон, Артыш, Кашкар, Үрүмчү шаарларында бир айдай чыгармачыл сапарда болгон. Манасчы Жусуп Мамайдын Үрүмчү шаарындагы үйүндө бир айдай болгон.


Коомдук ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Манас таануу жаатында бир катар коомдук иш-чараларга катышып келет.

КР Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү (2004).


Илимий ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Манас таануу жаатында илимий жыйындарда илимий баяндамалар менен чыкты.

Ош шаарында манас таануу жаатында илимий жыйындарды уюштурууга катышты.


Сыйлыктары. Наамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

КРнын маданиятынын мыкты кызматкери (2013).

КРнын “Манас эл” коомдук бирикмесинин “Манас” төш белгисинин ээси (2013).


Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Никеде турат.

Күйөөсү – Шадыбеков Кеңешбек Мырсалиевич.

Кеңешбек 1952-жылы 1-июлда Кыргыз Республикасынын Жалал-Абат облусунун Аксы районуна караштуу Бозбубиек айылында туулган. 1959-жылы Бозбубиек башталгыч мектебинен 4-класска чейин окуп, 1969-жылы Успеновка орто мектебинен онунчу классты бүтүргөн. 1969-жылы Фрунзедеги Политехникалык институтуна кирип,Архитектура-курулуш факультетин бүтүрүп, жогорку билимге ээ болгон. Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын Сейсмология институнда кызмат өтөгөн. Фрунзедеги Технологиялык-Конструкциялоо институнун (ФКТИ) башкы сүрөтчүсү кызматын аткарган. Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр Союзунда Сүрөтчүлөр фондунун айкелчилер секциясында эмгектенген. Кыргыз Республикасынын ЭЛТР коомдук телерадио корпорациясында кызмат өтөгөн. Ош облустук Мияшев Таш атындагы балдар китепканасында «МАНАС» эпосу боюнча маалыматтар бөлүмүндө жетектөөчү адис, манастаануучу кызматын аркалап келет. Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү.

Бир кыз (Нуртаажы), бир уулу (Акылбек) бар.

Тил билгендиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз, орус жана казак тилдеринде сүйлөйт.

Негизги чыгармалары[оңдоо | булагын оңдоо]

Бир нече ыр китепти жарыялаган.

  • “Акылдан заман” ырлар, Ош, “Ошоблтипография”,1992, 95 бет.
  • “Акылдан заман” ырлар, Ош, “Ошоблтипография”, 1993, 65 бет.
  • “Кыргызым-шумкар уям” ырлар, Ош, ЖЧК Тойчубаев А.А., 2007, 188 бет. Биринчи китеп.
  • “Кыргызым-шумкар уям” ырлар, Ош, ЖЧК Тойчубаев А.А., 2007, 176 бет. Экинчи китеп. – ISBN 978-9967-24-332-3.
  • “Кыргызым-шумкар уям” ырлар, Ош, ЖЧК Тойчубаев А.А., 2008, 165 бет. Үчүнчү китеп.
  • “Кыргызым-шумкар уям” ырлар, Ош, ЖЧК Тойчубаев А.А., 2008, 191 бет. Төртүнчү китеп.
  • “Базар экономикасынын илимий негиздерин прикладдык түрдө пайдаланууга алгачкы түшүнүктөр жана багыттар”, Ош, “Ошоблтипография”,1996, 22 бет.


Котормолору[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кытайдагы кыргыз назы” ырлар, котормо, Ош, “Ошоблтипография”, 1994, 53 бет.
  • “Манас” эпосу, 1-19-том, Жүсүп Мамай варианты, араб арибинен кирилл жана латын тамгаларына котормо, КР ИУА ТБ Аймактык илимий билим берүү борбору, Ош,2011, 4-май, №4 токтом.

Кыскача адабият[оңдоо | булагын оңдоо]



Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]