Орой-Суу мөңгүсү
Көрүнүш
Орой-Суу мөңгүсү – Борбордук Теңир-Тоодогу төр тибиндеги мөңгү. Ак-Шыйрак тоо тоомунун түндүк капталында, Сары-Чат суусунун (СарыЖаздын бир тармагы) алабында жайгашкан. Узундугу 5 км, жалпы аянты 8,6 км2. Башы деңиз деңгээлинен 5040 м, этеги 3860 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4450 м, абляциясынын аянты 3,4 км2. Фирн облусу эң ыңгайлуу түндүк экспозициясына карай жайгашкандыктан, этеги чегинбей бир абалда сакталган. Мөңгүдөн Сары-Чаттын оң куймасы Орой-Суу башталат. Ак-Шыйрактын мөңгүлөрүнөн азыктанган суунун Сары-Чат деп аталышы кар сызыгына чейин сары түстөгү доңуз сырты өскөнүнө, ал эми Орой-Суу делиши суу катуу кирген мезгилинде адамдын үрөйүн учуруп тургандыгына байланыштуу.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы, Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7
Интернеттеги айрым шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- [1](жеткиликсиз шилтеме)