Ортопедиялык корсеттер
Ортопедиялык корсеттер — омуртка тутумунун ооруларында, кыйшаюусунда, мертинүүсүндө колдонулуучу ортопедиялык аппарат.
Корсеттер тууралуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ал омурткалардын кыймылын азайтуу, жүгүн жеңилдетүү жана деформациясын түзөтүүгө арналган. Ортопедиялык корсеттер жумшак, ийилгич, анча катуу эмес жана катуу болот. Корсеттер түрдүү материалдан (тери, кездеме, гипс, металл, пластмасса жана башкалар) протез-ортопедиялык мекемелерде жасалат. Ал чак, тыкан болушу үчүн оорулууга ченеп жасалып, гипс калыпка салынат. Врач оорунун мүнөзүнө жараша түрдүү (кыймылдатпоочу, жеңилдетүүчү, түзөтүүчү) ортопедиялык корсеттер ди сунуш кылат. Кыймылдатпоочу жана жеңилдетүүчү корсеттер омуртка туберкулёзунда, сыныгында, мертингенде операциядан кийин жабыркаган омуртканы кыймылдатпоо жана ага келүүчү оордукту азайтуу максатында колдонулат.
Сунуштар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Түзөтүүчү ортопедиялык корсеттер омуртканын кыйшаюусунда сунуш кылынат. Өзгөчө балдарда омуртканын андан ары күчөп кыйшаюусун алдын алуу жана бир аз түзөтүү үчүн мааниси чоң. Ортопедиялык корсеттерди кийип жүрүү мөөнөтүн врач белгилейт. Аны көпкө кийүүдөн дене булчуңдары алсыздангандыктан врачтын сунушу боюнча айыктыруучу гимнастика, массаж жасоо зарыл.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8