Орто Азия алмуруту

Википедия дан

Орто Азия алмуруту (лат. Pyrus asiae-mediae (M. Pop.), Maleev) - Шактары жайылган, бийиктиги 12-16 м ге жеткен дарак. Бутактары жоон, тикенексиз. Жалбырактары жумуру, жээктери ири араа сымал, жалбырак сабы узун жана жылаңач, жемиши – алмурут, мөмө учу кесилген тоголок сымал, саргыч-жашыл. Жемиш эти катуу, ширелүү.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алмуруттун чыгышазиялык топторуна же алардын гибриддерине таандык. Алар үчүн мезофиттүү, тыным мезгили кыска, суукка чыдамсыз, козукарын илдеттерине туруктуулук мүнөздүү. Уругу менен жана тамыр көчөттөрү менен көбөйөт. Апрелң- май айларында гүлдөп, сентябрң-октябрң айларында мөмөлөйт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал, Пскем жана Узунакмат кырка тоолорундагы эски журттарда жалгыздап, сейрек кездешет.

Өсүү шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алма-жаңгак токой алкактарында деңиз деңгээлинен 1200 м бийиктиктеги суу өрөөндөрүнүн боюндагы аллювиалдык топурактарда өсөт.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бирин-серин кездешет.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мөмөлөгөн өсүмдүктөрдүн кыйылышы. Уругунан өсүүнүн жойулушу.

Өстүрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткалда жана Узунакмат кыркы тоолорундагы айылдарда (Тегене капчыгайында) бирин-серин дарактары өстүрүлөт. Тегене капчыгайынан алынып келинип, КР УИАнын Ботаникалык багында өстүрүлгөн. Кышкы сууктан жабыркабайт.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин токтомунун негизинде республикада 1975-жылдан бери корукта. СССРдин (1975), Өзбек ССРинин (1984) жана Кыргыз ССРинин (1985) Кызыл китептеринде катталган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түрдүн абалын жана санын көзөмөлдөп, сакталышын толук эсепке алуу. Өсүмдүк өскөн аймактарда заказник уюштуруу керек.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

EN. Көп белгисиз түр. Батыш Тянңшандын сейрек учуроочу эндеми. Түрдүн систематикалык орду талаш. Селекция үчүн жана алмуруттардын мол түшүмдүү козукарын илдеттерине жана шайтан көпөлөктөргө туруктуу түштүк сортторун чыгарууда өтө маанилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]