Орто тоо тектер

Википедия дан

Орто тоо тектер – курамы боюнча кычкыл жана негиздүү тектердин ортосундагы магма тоо теги. Бул тектердин негизги массасы талаа шпаттарынан, аз өлчөмдө (кошунду түрүндө) темирмагний (пироксен, роговая обманка, биотит) минералдарынан турат. Талаа шпаттарынын ичинен орто плагиоклаздар (олигоклаз, андезин) мүнөздүү. Курамындагы талаа шпаттары боюнча натрийлүү (диорит, андезит, порфирит), калийлүү (сиенит, трахит) болуп ажырайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]