Орунбеков Бакытбек
Бакытбек Орунбеков | |
![]() | |
Туулган датасы: |
28 -апрель 1964 (56 жаш) |
---|---|
Туулган жери: |
Арал айылы, Тогуз-Торо району, Нарын облусу (азыркы учурда Жалал-Абад облусу), Кыргыз ССР, СССР |
Жарандыгы: | |
Ишмердүүлүгү: | |
Чыгармаларынын тилдери: |
Орунбéков Бакытбéк Орунбéкович (1964, Арал, Нарын облусу, Кыргыз ССРи, СССР) — журналист, Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун мучосу (Кыргызстан, 2000).
Кыскача өмүр жолу[оңдоо | булагын оңдоо]
Бакыт Орунбеков 1964-жылдын 28-апрелинде Кыргызстандагы азыркы Жалал-Абат облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы (бул район мурда Тянь-Шань, кийинки аталышы менен айтканда, Нарын облусуна караштуу болгон) Арал кыштагында туулган.
Үй-бүлөлүү (жары – Чолпон; уулдары - Нурсултан, Алтай; кыздары - Бегимай, Нурай).
1990-жылы Орусиядагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Демократиялык жана студенттик кыймылдарга жигердүү катышкан.
- 1990-1996-жылдары КДКнын “Майдан" гезитинде (1992-жылы анын редактору да болду) жана “Асаба” гезитинде кабарчы болуп иштеген.
- 1995-97-жылдары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде маалымат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
- 1996-жылы Пакистанда Исламабад дипломатиялык академиясында тажрыйбасын өркүндөткөн.
- 1997-1999-жылдары Жалал-Абат облустук акимиятында иштеген.
- 1991-2001-жылдары “Акыйкат” гезитинин, 2001-2005-жылдары “Фергана” гезитинин баш редакторлору болду.
- 2005-2006-жылдары “Кыргыз Туусу” гезитинин баш редактору.
- 2006-2008-жылдары “Азаттык” үналгысында жергиликтүү интернет редактор жана кабарчы болуп да иштеди.
- 2008-2010-жылдары “Манас” Кыргыз-Түрк университетинде ага окутуучу болду.
- 2010-жылдын май айынан тартып “Кыргыз Туусу” гезитинин баш редактору кызматын кайрадан аркалоодо.
Эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]
- «Чайпалган Кыргызстан» («Неустойчивый Кыргызстан»). Бишкек, 2009.
Ал редакторлогон чыгармалар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Сооронов, Омор. Биз билген жана биз биле элек Токтогул: Даректүү баян / Жооптуу редактору Бакытбек Орунбеков. - Бишкек: Турар, 2014. - 224 б. - Мында: 3-5-бетте. - “Токтогул Сатылгановдун маданий мурасы” коомдук фондунун демөөрчүлүгү менен жарыяланды. - ISBN 978-9967-15-336-3.
Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]
- https://archive.is/20121225081122/newskg.narod.ru/bt/05/0401_13.htm
- https://archive.is/20121225081122/newskg.narod.ru/bt/05/0401_13.htm
- http://www.azattyk.kg/content/Kyrgyzstan_Media/2021628.html
- http://www.bbc.co.uk/kyrgyz/news/story/2010/05/100526_orunbekov.shtml?utm_source=twitterfeed&utm_medium=facebook
- http://www.cpj.org/attacks06/lang/attacks2006rus.pdf