Мазмунга өтүү

Орфоэпия

Википедия дан

Орфоэпия (грек. orphoepeia, orphos — туура, epos – кеп) ―

  • 1) улуттук тилдин тыбыштык турпатын бирдей сактоону камсыздоочу айтылыш нормаларынын жалпы жыйындысы;
  • 2) айтылыш норманы изилдөөчү илимий тармак.

Орфоэпиянын көлөмү ар түрдүү аныкталып да жүрөт. Кеңири түшүндүрүүдө фонемаларды колдонуу жана фонемалардын аллофондорун айтуу эрежелери катары каралса, тар түшүндүрүүдө фонемалардын гана колдонулуш эрежелери катары аныкталат. Орфоэпияны туура аныктоо, эң алды, сегменттик (фонемалык) жана суперсегменттик (басым, интонация) бирдиктерди нормага ылайык колдонуу, нормага ылайык айтуу менен шартталат. Фонемаларды нормага ылайык колдонуу деген фонемаларды туура колдонуу, туура, так айтуу, сөздө аларды туура жайгаштыруу, ар бир фонеманы өз-өзүнчө так, ачык бөлүп айтуу дегенди билдирет.

Орфография сыяктуу эле тилдик ички категория катары Орфоэпиялык норманы анын кодификацияланган нормасынан айрып түшүнүү зарыл. Орфоэпиялык норма – бул бир эле кубулушту белгилөөнүн, тигиндей же мындай айтуунун потенциалдуу мүмкүнчүлүгүнүн бар экендиги жана ошого карата сырттан таасир этүүнүн жыйынтыгы, натыйжасы, б.а. тилдик айтылыштын өзүнүн ички объективдүү импаненттүү нормасы, тигил же бул сөздү, тыбышты туура айтуунун табигый көрүнүшү. Ал эми кодификациялык норма – бул объективдүү, импаненттүү тилдик табигый же сырттан таасир этүүнүн натыйжасында аныкталган норманын эреже, талап, көрсөтмө катары сөздүктөрдө, окуу китептеринде, грамматикаларда көрсөтүлүшү, берилиши, жазылышы. кодификацияда кайсынысын туурасы катары колдонуу сунушталат, көрсөтүлөт. Реалдуу, табигый Орфоэпиялык нормага кодификацияланган норманын канчалык төп, дал келгендигине жараша айтылыштын, б.а. Орфоэпиянын тактыгы аныкталат. кодификацияланган норма ар дайым реалдуу, объективдүү, тилдин учурдагы өнүгүш, колдонулуш нормасынан артта калат. Анткени ал китепке жазылган эреже-талап катары мурдатан тизмеленген норма болсо, жандуу тилдин айтылышында өзгөрүү аз эле мезгил ичинде да боло берет. Ошондуктан кодификацияланган нормалар, талаптар Орфографияда да, Орфоэпияда да мезгил-мезгили менен такталып, жаңыртылып, тил колдонуудагы реалдуу, табигый нормага шайкеш оңдолуп туруусу зарыл.

Орфоэпиялык норма жалпы элдик тил жарала, калыптана баштаганда, аны менен бирге калыптанат. Анткени жалпы элдик тилдин колдонулуш тармагы, багыты кеңип, оозеки тилдин кеңири колдонулушуна жаңы зарылчылыктар жаралат. Ар бир элдин Орфоэпиялык нормасы ар башкача жаралат, ар башкача өнүгөт, ар башкача калыптанат жана бир нече этаптардан өтөт. Алсак, кыргыз тилинин Орфоэпиялык нормасынын жаралышы 16-кылымдын башынан, б.а. кыргыз тилинин жалпы элдик тил катары кеңири мезгил менен байланышат да, 20-к. башында улуттук тилдин Орфоэпиялык нормасы катары калыптана баштайт. Бул процесс бүгүнкү күндө да улантылып жатат.

Орфоэпиялык норманын зарылчылыгы качан пайда болот. Качан гана тилде бир эле бирдик эки же андан көп түрдүү айтылышка ээ болгондо, б.а. бир эле бирдик ар түрдүүчө айтылып, ар түрдүүчө кулакка угулганда, түрдүүчө реализацияланганда. Орфоэпиялык норма ошол түрдүүчө реализациялангандардын, айтылгандардын ичинен бирөөнү гана тандап, иргеп алат, мында тилдик системанын өзү кайсы моделдин мүмкүнчүлүгү жогору, кайсынысы перспективдүү, тилдик өнүгүүнүн учурдагы талабына кайсынысы төп, шайкеш келе тургандыгын аныктайт. Демек, Орфоэпиялык норма тилдик өнүгүүнүн тарыхый этабында тигил же бул бирдиктердин айтылыш мүмкүнчүлүгү белгилүү бир варианттар менен коштоло тургандыгын көрсөтөт. Ал варианттар эки типте болот: биринчиден, бир эле бирдик эки же андан ашык бирдей айтылышка, реализацияга ээ, б.а. бирдей варианттар аркылуу реализацияланат; экинчиден, эки же андан ашык айтылыштын, реализациянын ичинен бирөө негизги айтылыш, калганы аз колдонулган айтылыш болот, б.а. бирдей эмес, тең салмактагы эмес варианттар. Варианттардын ичинен бирөөнү норма катары тандоо жана аны кодификациялоо лингвистикалык жана экстралингвистикалык көптөгөн жагдайлар аркылуу аныкталат. Ошондуктан Орфоэпиянын калыптанышы тилдин өзүнүн ички мүмкүнчүлүгү жана ошол тилди колдонгон элдин маданий-социалдык мүдөөсү менен шартталган.

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4