Осетин тили

Википедия дан

Осетин тили – осетиндердин тили; Түндүк жана Түштүк Осетия республикаларында жашаган элдер сүйлөйт. Осетин тили Кабарда-Балкария республикасына, Ставрополь крайына тараган. Инди-европа тил уясына кирет. Ирон жана дигорон деген эки чоң диалекти бар. Ирон диалекти адабий тилинин негизин түзөт. Фонол. системасы 7 үндүү, 28 үнсүз тыбыштан турат. Грамматикалык түзүлүшү боюнча мүчөлөмө жана флексиялама тилимий Туңгуч жазмасы – грек тамгалуу Заленчук жазуусу (941-ж.). Кийинки жазмасы 1844-ж. кириллицанын негизинде түзүлгөн. 1923–38-ж. латын графикасын пайдаланышкан, 1938-жылдан Түндүк Осетияда орус графикасы, Түштүк Осетияда грузин графикасы колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]