Осмоналиев Исмаил

Википедия дан

Осмоналиев Исмаил 1915-жылы 9-январда Сузак районунун Сары-Булак айылында туулган.

  • Сары-булак айылында жетинчи классты, 1937-жылы Жалал-Абад шаарындагы педогогикалык окуу жайын аяктап, мугалимдик кесипке ээ болот.
  • Сары-Булак, Таран-базар айылдарында мугалим болуп иштеп жүрүп, 1939-жылы Аскер кызматына чакырылып, Украина Республикасынын Винница областында катардагы жоокер болуп кызмат кылат.
  • 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталып ошондон ары согушка кирет.
  • Кызмат өтөп жүрүп телефонист деген кесипке ээ болгон.
  • Согуш учурунда Гвардиялык полкто байланыштыргыч болуп кызмат өтөйт.
  • 1945-жылга чейин Украинаны, Варшаваны, бошотууга катышып, жеңиш күнүн Берлинден тосот.
  • Согушта көрсөткөн каармандыгы үчүн «Кызыл Жылдыз», «Каармандыгы үчүн», Ата Мекендик согуштун I-II баскычтагы ордендери жана 13 медаль менен сыйланган.
  • 1946-жылы айылга келип өз адистиги боюнча мугалим болуп иштейт.
  • 1944-жылдан Коммунисттик Партиянын мүчөсү болгон.
  • 1949-жылы Фрунзедеги башкаруу курсун окуп келип, бригадир, башкарма, айылдык кеңеште секретарь болуп эмгектенип, 2 жолу “Эмгектин ветераны” медалы жана бир нече Ардак грамоталар менен сыйланган.
  • 2005-жылы 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтат.
  • Өзү жашаган көчөгө аты коюлган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3