Остеомаляция

Википедия дан

Остеомаляция (остео... жанa гр. malakia — борпоң, бош) — минерал зат алмашуунун бузулушунан пайда болуучу сөөк оорусу. Айрыкча организмде кальций тузу жанa фосфор кислотасы, Д витамини кемчил болушунан сөөк жумшарып, деформацияланат. Көбүнчө кош бойлуу аялдарда кездешип, төрөттөн кийин калыбьша келет.

Остеомаляцияга чалдыккан мал жем-чеп жебей, темир-тезекти кемирет, арыктайт, аксайт. Бел аркасы ийрейип, сөөгү майып болот. Тоютту (минерал заттардын, Д витамининин бардыгына) изилдөөнүн негизинде диагноз коюлат.

Профилактика: рацион дайыма текшерилип, малга минерал заттар жанa витаминдер берилет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.