Островский мандалагы

Википедия дан

Островский мандалагы (лат. Tulipa ostrowskiana, Regel) - Көп жылдык пияз түптүү чөп өсүмдүк. Пияз түбү жумуртка сымал, диаметри 1,5- 3 см ге жетип, сыртынан калың, жогору жагы ич жагынан жабышып жыш түктүү, каралжын күңүрт түстөгү кабык менен капталган. Өсүмдүктүн сабагы ичке, жылмакай келип, бийиктиги 20-30 см. Жалбырактары 2-3төн, жерде төшөлгөн, көгүлтүр, жылмакай, чет жактары бир аз тармал, учу ичке, сызгыч-ланцеттей формада. Гүлү бирден, сары, түбүнүн орто чени кара, бирок сары түс менен өзүнчө бөлүнүп курчалган. Гүл коргонунун желекчелери учтуу; сырткылары - ромбик сымал узунунан созулган, ичкилери - тескери сүйрү. Кутучасы 3 см узундукта, туурасы 1,1 см, ичке, узунунан созулган, жээктери паралеллң сымал, тегерек же төрт бурч формада. Кутучасы узунунан карпофорасынын паралеллң капталдарындагы ичке жылчыкча аркылуу жарылат. Уругу майда (0,5х4 см), ачык-күрөң, каймасы (курчоосу) жокко эсе.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Апрелң-майда гүлдөп, май-июнда мөмөлөйт. Бишкек шаарынын шартында апрелң айынын орто ченинде 10-12 күн аралыгында гүлдөйт. Жаратылышта жана маданий өстүрүүдө Колпаковский мандалагы менен жеңил аргындашып, гибриддерди пайда кылат. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Заилийск жана Кыргыз тоо кыркаларынын түндүк беттери (Казакстан, Кыргызстан). Кыргызстанда – Кыргыз тоо кыркасы.

Өсүү шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бөксө жана шагылдуу тоолордун ортоңку алкактарында кездешет.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улам барган сайын азаюуда.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түр өскөн аймактарда адамдын чарбачылык аракеттери: жерлерди өздөштүрүп айдоо, гүлдөгөн маалында мал жаюу. Мандалак өтө декоративдүү кооз болгондуктан, жергиликтүү калк массалык түрдө гүлүн чогултат.

Өстүрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чет өлкөдө жана КМШ мамлекеттеринин ботаникалык бактарында пияз түбүнөн буга чейин жетиштүү түрдө өстүрүлүп келет. Кыргызстанда болсо мындай иштер анча изилдене элек.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Казак ССРинин Кызыл китебине (1981), СССРдин Кызыл китебине (1984), Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түрдүн эң жыш өскөн аймактарында ботаникалык заказниктердин аянтын кеңейтүү. Жаратылыштагы популяцияларына атайын иликтөө жүргүзүү, гүлүн үзүп, пияз түбүн чогултууга тыюу салуу. Маданиятташтыруу иштерин жүргүзүү зарыл.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VU. Кыргыз жана Заилийск тоо кыркаларынын сейрек кездешкен чукул (кууш) эндем түрү. Жогору декоративдүү жана селекциялык материал карата көңүл бурууга татыктуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]