Отто Бауэр

Википедия дан
Отто Бауэр, 1919

Бауэр Отто (1882-1938) - австралиялык социал-демократтар лидерлеринин бири, ав-стромарксизмдин идеологу.

Бурж. үй-бүлөдө туулган. Билими боюнча юрист, 2-Интернационалдын көрүнүктүү ишмери. К. Реннер менен бирге маданий-улуттук автономия теориясын сунуш кылган. Орус аскерлерине 1-дүйнөлүк согушта туткунга түшүп, Россиядагы Февр. революциясынан кийин Петрограддагы меньшевиктер менен жакындашкан. Австрия республикасъгаын тышкы иштер министри (1918-19). Австрия менен Германиянын биригүүсүн жактаган. Өзүнүн эмгектеринде Россиядагы пролет, революцияга жана большевиктер партиясынын саясатына каршы болгон.

Негизинен оппортунистчил, центристчил позицияда турса да, СССРде социализмдин ийгиликтеринен, башка өлкөлөрдө фашизмге каршы, антиимпер. күрөштүн күчөшүнөн улам өмүрүнүн акырында өзүнүн кээ бир реформачыл көз караштарын кайра талдоо жолуна түшкөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.