Оттук чопо кени

Википедия дан

Оттук чопо кени Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, Балыкчы шаарынан 4 км түштүктө, Ысык-Көлдүн жээгинде, деңиз деңгээлинен 1630–1640 м бийиктикте. 1972-жыл Түндүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Кумайлуу чопо кени Ысык-Көлдүн ички булуңунун жогорку антропогендик мезгилинде пайда болгон көлдүн чөкмө катмары менен байланышкан. Аянты 1200850 м болгон линза сымал кумайлуу чопонун калыңдыгы 0,5–1,0 мден 12,6 мге чейин. Кумайлуу чопонун өңү саргыч-боз жана күрөң-боз түстө. Кумайлуу чопо "100" маркадагы кирпич, "75", "100" маркадагы керамикалык таш, "500" жана "600" маркадагы аглопорит алууга жарамдуу. Запасы А категориясы боюнча – 1010 миң м3, В – 1939 миң м3, С1 – 3304 миң м3, А+В+ С1–6153 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]