От май

Википедия дан

От май — башка бирөөнүн жайытына малын оттотуп, бакканы үчүн акы төлөө. «Манаста» Алтайга сүрүлүп барып кен казып, эгин эгип, ченде жок байыган Жакып малын калмактарга таандык жерге жайганы үчүн отуз байтал, беш аттан О. м. төлөп турганы айтылат, Манас эң алгачкы эрдигин ушул О. м-га шылтоолоп, Жакыптын жылкысына тийип, өзүнө кол салган калмактын жер корукчуларына каршы чыгып көрсөтөт. Багыш Сазан уулунун вариантында Алтайдан Ала-Тоого көчүп келген Жакыптан Алооке О. м. талап кылат. Жакып «Токсон шумкар жагоолоп, токсон тулпар жабуулап» — андан кутулмак болот. Муну билип калган Манас атасын жолдон кайра кайтарып, өзү Алоокеге каршы аттанып, жеңип чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4