Оуэн Роберт

Википедия дан

Оуэн Роберт (14. 5. 1771, Ньютаун, Уэльс— 17. 11. 1858, ошол эле жер) — англиялык фислософ, педагог жана социалист, XIX кылымдын биринчи социалдык реформаторлорунун бири.

  • 10 жашынан өз алдынча иштеп, 20 жашында фабриканын директору болгон.
  • Христиан дининен кол үзүшү анын көз карашынын калыптанышы үчун маанилүү роль ойногон.
  • Агартуу доорунун рационалисттик матер. философиясынын негизинде Оуэн жеке кишинин жанa тарыхтын тагдырына адамдын мүнөзү орчундуу таасир тийгизет деген жыйынтыкка келген. Оуэндин ою боюнча коомдогу карама-каршылыктардын себеби — коомду башкарган кишилердин ааламды кыймылдатуучу закондорду билбегенинде, кедейлер жамандыгынан кедей болгон эмес, байлар жакшылыгынан байлыкка туйтунган эмес; адам чөйренүн туундусу, адамдын жакшы же жаман болушу чөйрөгө көз каранды.
  • Бул идея матер, духта болуп, айлана-чөйрөнү активдүү өзгөртүүгө чакырган. Бирок Оуэн адамдардын пейлинин оцолушун тарбия-таалим менен гана байланыштырган. 1820-жылдын эртосуна чейин Оуэн коомду кайра курууну жеке менчикти жоюу менен байланыштырбаган.
  • Өзүнүн бул бурж,- филантропиялык иш-аракетинин программасын Оуэн «Коомго жаңы көз караш же мүнөздүн калыптанышы жөнүндө тажрыйбалар» (1812—13) аттуу эмгегинде баяндаган.
  • Бүткүл адамзаттын турмушун утопиялык коммунисттик системада кайра куруу планы «Жаңы моралдык дүйнөяүн китеби» (1836—44) деген эмгегинде толук көрсөтүлгөн, Алгач жумушчулардын турмуш шартын капитализм чегинде жакшыртууну жактап, кийин утопиячыл социализм идеясын пропагандалаган.
  • Ал жаңы менчик, укук теңдиги жанa коллективдүү эмгектин негизинде коомду радикалдуу түрдө кайра куруу зарыл деп эсептеген.
  • Оуэн келечектеги «рационалдык» коомду өзүн өзү башкаруучу жамааттардын эркин федерациясы (калкы 3 миң адамдан ашпаган) түрүндө элестеткен.
  • Оуэндин ою боюнча коомду өкмөт өзү гана кайрадан курмак. Оуэн өз идеясын далилдөө максатында 1825-ж. АКШда «Жаңы гармония» колониясын негиздеген. Бирок анын бул иштери утопиялык кыялга негизделип, таң күрөшү, жумушчу табынын саясий бийликти алышы, эзүүчүлөр үстөдүгүн кулатуу сыяктуу маселелерди эске алган эмес. А
  • нткени менен Оуэндин эмгеги зор, ал утопиячыл формада болсо да 40 жыл бою социализм идеясын аратып, жумушчулардын абалын оңдоо үчүн күрөшкөн.
  • Оуэндин чыгармачылыгы Англияда профсоюз кыймылынын өнүгүшүнө түрткү болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.