Офтальмология

Википедия дан

Офтальмология (грек тилинен ὀφθαλμός — «көз» и λόγος — «окуу») — клиникалык медицинанын көрүү органынын анатомиясын, физиологиясын, көз ооруларын изилдөөчү жана диагностика, дарылоо, алдын алуу методдорун иштеп чыгуучу бөлүмү.

Оптикалык рефрактометрди колдонуу

Поликлиника жана ооруканаларда офтальмологдор калкка акысыз жардам көрсөтөт. Офтальмологиянын жетишкендиктеринин натыйжасында көптөгөн көз оорулары айыгууда. Көз ооруларын жана көз травмасын алдын алууга багытталган чаралардын жүргүзүлүшү, көз ооруларын дарылоонун жаңы методдорунун пайда болушу сокурлардын жана көзү начар көргөндөрдүн санын кескин азайтты.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8