Офтальмоплегия

Википедия дан

Офтальмоплегия (офтальмо ж-а гр. plegeурунуу, бузулуу) — коз булчуңун нервдештирген баш сөөк мээ нервдеринин шалы.

Көздү кыймылдатуучу нервдердин мээдеги ядрочолору толук өсүп жетилбесө тубаса Офтальмоплегия болот. Офтальмоплегия сөзгенүү, уулануу жанa мээнин травмасынан пайда болот. Көздү кыймылдатуучу булчундар шал болсо, көз кыймылдабайт, аны сырткы Офтальмоплегия дейт. Ички Офтальмоплегияда көздүн ички булчуңдары шал болот. Дарылоо Офтальмоплегияны пайда кылган себебине жараша жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.