Павел Алексеевич Черенков
Павел Алексеевич Черенков (1904-1990) - советтик физик. СССР ИАнын академиги. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1984). Эки жолку Сталин сыйлыгынын (1946, 1952), СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1977). Химия боюнча "Нобель" сыйлыгынын лауреаты (1958). 1946-жылдан тартып ВКП(б) мүчөсү.
Өмүр таржымалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Илимий ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Черенковдун негизги изилдөө багыттары физикалык оптика, өзөктүк физика, жогорку энергия бөлүкчөлөрүнүн физикасы болгон. 1934-жылы дүрмөттөлгөн тез бөлүкчөлөр менен нурлантканда тунук суюктуктардын өзгөчө көгүш болуп жалтыраарын байкаган. Бул жылтыроо түрүнүн флуоресценциядан айырмасын көрсөткөн. 1936-жылы мунун негизги өзгөчөлүгүн белгилеген - жылтыроонун багытталышы, огу бөлүкчөнүн кыймылынын траекториясына дал келген жарык конусунун пайда болушу. Черенков жылтыроосунун теориялык негизин 1937-жылы И.Е. Тамм менен И.М. Франк иштеп чыгышкан.
Вавилов-Черенков эффектинин негизинде дүрмөттөлгөн тез бөлүкчөлөрдүн аныктагычтары иштейт (черенков счетчиги). Черенков синхротрондордун курулушуна, атап айтканда, 250 МэВтук синхротрондун курулушуна катышкан (1952-ж. Сталин сыйлыгы). 1958-жылы Тамм жана Франк менен бирге "Черенков эффектин тапканы жана ал жөнүндө түшүнүк бергени үчүн" физика боюнча "Нобель" сыйлыгын алган. Швециянын королдук илимдер академиясынан Манне Сигбан өз сөзүндө "азыр Черенков эффекти деп аталган кубулуштун ачылышы - салыштырмалуу жөнөкөй физикалык байкоолорго туура мамиле кылганда олуттуу ачылыштар болоруна жана алдыдагы изилдөөлөргө жаңы жолдор ачыларына кызыктуу мисал" экенин белгилеген. Гелийдин жана башка жогорку энергетикалык y-квантуу жеңил өзөктөрдүн бөлүнүшү тууралуу эмгектердин циклин ишке ашырган (1977-ж. СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы).