Павиандар

Википедия дан
Гамадрил (Papio hamadryas).

Павиандар (лат. Papio) — маймылдардын мартышка тукумундагы уруусу.

  • Уз. 75—80 см, куйругу 50—60 см, салм. 30 кг-га жетет. Тумшугу узун, азуусу жакшы өөрчүгөн. Жүнү кара сур, кээде жалы болот.
  • Аравия жана Африкада таралган. Көбүнчө аскаларда топтошуп жашайт.
  • Павиандар өсүмдүктөр (пияз-түп. тамыр-азык, түймөк ж. б.) жана майда жаныбар (курт-кумурска, жөргөмүш, куштардын жумурткасы ж. б.) менен азыктанат.
  • Павиандарга чакма гамадрил, бабуин ж. б. кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.