Падма Шамшер Жанг Бехадар Рана
Падма Шамшер Жанг Бехадар Рана неп. पद्मसम्शेर जंगबहादुर राणा | |||
| |||
---|---|---|---|
29-ноябрь 1945-жыл — 30-апрель 1948-жыл | |||
Андан мурунку: | Жуддха Шамшер Рана | ||
Андан кийинки: | Мохан Шамшер Рана | ||
Туулган жылы: | 5 -декабрь 1882 | ||
Каза болгон жылы: | 11 -апрель 1961 (78 жаш) | ||
Каза болгон жери: | Индия, Калькутта | ||
Атасы: | Бхим Шамшер Жанг Бахадур Рана | ||
Фельдмаршал Падма Шамшер Жанг Бехадар Рана (неп. पद्मसम्शेर जंगबहादुर राणा) — Рана династиясынан чыккан Непалдык мамлекеттик ишмер[1], 1945-жылдан 1948-жылга чейин Непалдын премьер-министри.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1882-жылы 5-декабрда туулган. Өлкөнү бир кылымдан ашык башкарган консервативдүү феодалдык Рана династиясынын өкүлү. Ламжунга жана Каски аймактарынын махаражасы болгон[2][3].
1945—1948 жылдары Непалдын премьер-министри болгон. Анын бийлиги учурунда, 1947-жылдын 4-мартында Биратнагарда өнөр жай кызматкерлеринин иш таштоосу болгон[4], 1947-жылы 15-июнда санскрит Тин Дхара колледжинин студенттери нараазычылык акцияларына чыгышкан[4], Непалдын улуттук конгресси зомбулуксуз жарандык баш ийбөөчүлүк кампаниясын баштаган[4]. Ушул окуялардын натыжайсында Падма Шамшер Жанг Бехадар Рана жетектеген өкмөт жумуштан кеткен.
1947-жылы 16-майда монархиялык башкарууга конституцияны киргизүү, көз карандысыз сот бийлигин түзүү, муниципалдык жана райондук комитеттерге мүчөлөрдү шайлоо аркылуу тандоо сыяктуу реформалар башталган. Бирок Падма Шамшер Жанг Бехадар Рананын кызматтан кетиши жана анын тууганы Мохан Шамшер Рананын бийликке келиши пландаштырылган реформалардын токтолушуна алып келген[5].
1961-жылы 11-апрелде Индиянын Калькута шаарында каза болгон[6].
Сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Британ империясынын «Чоң Крест» орденинин кавалери (1920)
- Индия империясынын орденинин рыцарь-командору (1929)
- «Индия жылдызы» орденинин командору (1936)
- «Индия жылдызы» орденинин улуу командору (1945)
- Тайвандын биринчи даражадагы «Ыйык үч бутак» ордени (1946)
- АКШнын «Ардак Легиону» орденинин командору (1946)
- «Нидерланд арстаны» орденинин Улуу Крестинин рыцары (1948)