Пазырык маданияты

Википедия дан
Пазырык маданиятына таандык байыркы килем (б.з.ч. V к.).

Пазырык маданиятыТоолуу Алтайда тараган көчмөн уруулардын б.з.ч. 7–3-кылымга тиешелүү маданияты. Пазырык, Туяхты, Башадар, Катанда, Шибе, Уландрык, Юстыд, Айгюгем, Үкөк, Ак-Алах, Кутурган өңдүү дүйнөгө белгилүү 15тен ашык эстелик кирет

Пазырык маданияты ар кандай этностук топторду бириктирген көп кырдуу маданият.

Пазырык маданиятында маркумдун сөөгүн жыгач табытка салып, терең чуңкурга көмүшкөн. Көрдүн дубалдары шыргый, карагай менен аштап коюшкан. Үстүн карагай менен жабышып, маркумдун жанына бир нече жылкыны кошо көмүшкөн. Көрдүн үстүнө таш дөбө курулган. Жер алдындагы көрлөр мөңгү сууларынын жана нымдын натыйжасында тоңуп, андагы буюмдар азыркы мезгилге чейин күнү бүгүнкүдөй сакталып турат. Көрүстөндөрдө кооздук буюмдары, аттын жыгачтан жасалган жүгөнү, шырдактар табылган. Шырдактардагы оюулардын жасалышы азыркы кыргыз, казак шырдактарына окшош. Чоң көрүстөндөрдөгү маркумдар мумияланган. Ички органдары, мээси алып салынып, денеси кургатылган. Денелеринде татуировка кездешип, анда айбанаттар стилиндеги фантастикалык жаныбарлар тартылган. Ошондой эле табыттарда да сүрөттөр кездешет. Кээ бир көрлөрдө жыгач табыттын сыртынан сүрөттүү килем жабылган. 5-пазырык көрүстөнүнөн араба табылган. Болотнай көйнөктөр, тон, кийиз кафтандар, байпактар, тери бут кийимдер, курлар, баш кийимдер кездешет. Ат жабдыктарынан териден жасалган жумшак ээрлер, үзөнгүнүн ордуна пайдаланылуучу илмеги бар кайыштар кездешет. 3-пазырык көрүстөнүнөн аттын кылынан жасалган аялдын жарашыктуу кеп чачы жана денесинен татуировканын үлгүлөрү табылган. Татуировка пазырык коомунун жогорку төбөлдөрүнө жана диний кызматкерлерине таандык. Балким суук көздөн сактоо ниетинде да тартылышы мүмкүн. Пазырык маданиятынын айрым белгилери Теңир-Тоодогу сак эстеликтерине окшош. Мис., 8 таштан турган эстеликтер менен коштолгон көрүстөндөр бири-биринен эч айырмаланбайт, ат жабдыктардын үлгүлөрү, маркумдун жанына тамак-аш коюлуучу жыгач тактайчалары бирдей.

Чыгыш Казакстандын Берель эстелигинде биргелешкен казак-француз экспедициясы тарабынан казып изилденүүдө.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.

Кошумча караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]