Палестина жерлери

Википедия дан


Палестина жерлери же Палестина аймактары Иордан дарыясынын батыш жээгинен (Чыгыш Иерусалимди кошкондо) жана Газа тилкесинен турган мурдагы Палестинадагы Британдык мандаттын эки аймагы. Бул эки аймак 1967-жылдагы алты күндүк согуштан бери Израилдин оккупациясында. Эл аралык сот Батыш жээкти, Чыгыш Иерусалимди "оккупацияланган Палестина аймагы" деп санайт. 2004-жылкы Соттун Комментарийинде ушул эле термин колдонулган. 1999-жылдын октябрынан 2012-жылдын декабрына чейин Бириккен Улуттар Уюму жана башка эл аралык уюмдар Палестинанын улуттук бийлигинин көзөмөлүндөгү аймактарга карата "оккупацияланган Палестина аймагы" деген терминди колдонушкан, бирок Палестина 2012-жылы БУУга мүчө эмес байкоочу мамлекет болгондон кийин, БУУ Палестина мамлекети деген терминди өзгөрттү [1][2]. Европа Биримдиги да “Окупацияланган Палестина аймагы” деген терминди колдонот. Израил өкмөтү жана анын тарапкерлери «талаштуу аймактар» деген терминди колдонушат .

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Le More, Anne (2008). International assistance to the Palestinians after Oslo: political guilt, wasted money. Routledge studies on the Arab-Israeli conflict. 1. London and New York: Routledge. p. 27. ISBN 978-0-415-45385-1. 
  2. Le More, Anne (2008). International assistance to the Palestinians after Oslo: political guilt, wasted money. Routledge studies on the Arab-Israeli conflict. 1. London and New York: Routledge. p. 29. ISBN 978-0-415-45385-1.