Алты күндүк согуш

Википедия дан
Алты күндүк согуш.

Алты күндүк согуш - 1967-жылы 5-июнь күнү Израиль менен үч арап мамлекети - Египет, Сирия жана Иорданиянын ортосунда башталып, 10-июнь күнү жарашуу жолу менен аяктаган согуш.

Мындан мурда 1956-жылы октябрь айында болуп өткөн кагылыштан кийин бул чөйрөдөгү көп жылдардан берки курчуган абал эки тараптын аскердик күчтөрүн кубаттандыруу, лидерлердин опузалаган жана көкүткөн сөздөрү, мындан сырткары Израиль менен Египеттин ортосундагы Казат жери деп аталган 23 Ак деңиздин жээгиндеги маанилүү жерден Египеттин каалоосу боюнча БУУнун аскерлеринин артка чегинүүсү согуштун чыгышына себепкер болгон.

Алты күндүк согуш (7-8-июнь).

1967-жылдын июнь айынын башында башталар башталбас болуп турган согуш жогорудагы себептерден улам 5-июнь күнү расмий түрдө башталган. Согуш учурунда Израиль абада үстөмдүк кылып, душман тараптын аба күчтөрүн бүлгүнгө учураткан. Жер бетинде да Израиль аба күчтөрүнө таянып, үстөмдүк кылган. Жыйынтыгында Израиль Египеттен Синай жарым аралын алып, Суэц каналынын чыгыш тарабын каратып алган. Мындан сырткары Акабе булуңунун кире беришин өзүнө камтыган Шарлм Эл-Шейхтин тегерегин да ээлеп алган. Андан кийин Израиль Сирия фронтундагы өз аймагынын бир бөлүгүн ичине камтыган Голан дөбөлөрүн алып, мындан сырткары Иорданиядагы Шерия дарыясынын батышында жайгашкан түшүмдүү жерлерди жана Куддус шаарынын өз карамагына кирбеген тарабын өзүнө каратып алган.

Бул согушта Египет менен Сириянын колундагы көп сандаган советтик курал-жарактар жараксыз абалга келген. Айрыкча Израиль тарабынан тартылып алынган чөлкөм аянты боюнча Израилдин ээлеп турган аянтынан алда канча чоң болгон. Бул абалга карата БУУнун Коопсуздук Кеңеши 1967- жылдын ноябрь айында 242-номердүү чечимин кабыл алган жана мында Израилди айыптап, тартып алган аймакты бошотуп берүүсүн талап кылган. Арап өлкөлөрүн болсо Израилди мамлекет катары таанууга мажбурлаган. Израиль жогорудагы БУУ тарабынан кабыл алынган чечимге баш ийбестен, басып алган жерлерге калкын жайгаштыра баштаган болчу. Бул абал 1973-жылдын октябрь айындагы жаңы согуш отунун тутанышына себепкер болгон. Түркия жерлердин күч колдонуп тартылып алынышына каршы болуп, Коопсуздук Кеңешинин 242-номердүү чечиминин ишке ашырылышынын жактаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9